Бүгүнкү психикалык жардам берүүнү Чечме жана Бел айылдарында өткөрдүм. Мага айылдын медайымдары жана АДК мүчөлөрү жардам беришти. Мен бүгүн Кант диабети менен жабыркаган аталар менен сүйлөшүп келдим. Экөө тең позитивдүү инсандар экен. Шашылыш эвакуация болгон учурда бир атанын даарысы үйүндө калып кеткенине байланыштуу АЙДАРКЕН ЖДПБнун эндокринолог даарыгери менен байланышып, атаны инсулин менен камсыз кылдык. Жалал абад облусунан келген психиатр даарыгерлер жана психолог кызыбыз Нуриза Эсенали Кызы Жал айылындагы меймандар менен иш алып барышты.
Зарыл учурда эң дакшы көмөк көрсөтүп, активдүү иш алып барып жатыпсыз, ишиңизге ийгиликтер коштоп жүрсүн. Мүмкүн болсо аты-жөнүңүздү кошуп жазып кетсеңиз.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation