АИВ жөнүндө билип алыңыз!

АИВ жөнүндө билип алыңыз!

АИВ-инфекциясы - бул адамдын иммунукем вирусу (АИВ) тарабынан пайда болгон оору. АИВ организмге бир жолу кабылса ал өмүр бою организмде жашап калат. Вирус жуккан учурдан тарта ал адам вирусту алып жүрүүчү гана эмес, башкаларга жуктурууга дагы жөндөмдүү болуп калат. АИВ үч жол аркылуу гана жугат: АИВ вирус жуккан адамдан кан аркылуу жугушу мүмкүн: -ийне аркылуу баңги затын колдонууда; - стерилденбеген кесүүчү жана учтуу аспаптарды колдонууда; Жуктуруп албаш үчүн: - бир жолку колдонулуучу ийне жана шприцтерди, ошондой эле инъекция жасоо үчүн стерилдүү эритмелерди пайдалануу керек. - кан менен байланышкан манипуляцияларда бир жолку колдонулуучу же стерилдүү аспаптарды пайдаланууну талап кылуу абзел. АИВ жыныстык жол аркылуу жугушу мүмкүн: -жыныстык жол аркылуу байланышууда; Жуктуруп алууга жол бербөө үчүн: - презерватив колдонуу. - бир өнөктөшкө ишенимдүү болуу. - сексуалдык байланышка баруудан мурда жоопкерчиликти колго алуу. -эрте башталган жыныстык жашоодон кармануу. Оору АИВ менен жашаган энеден балага берилиши мүмкүн: - кош бойлуу мезгилде жана төрөт учурунда; - эмизүү учурунда эненин сүтү аркылуу. Баланын жуктуруп алышына жол бербөө үчүн: - АРВ-терапия алуу; - төрөтүүнү кесарево жолу аркылуу өткөрүү же кош бойлуулуктун 36 жумалык мөөнөтүндө вирусту текшерүүдөгү жыйынтыктарына жараша өз алдынча төрөө; - баланы эмизбөө. - баланы жасалма тамактандырууга өткөрүү. Эгерде сүт аралашмаларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, бала эмизген бүт мезгил аралыгында АРВ-терапиясын алуу менен гана эне сүтү менен багуу сунушталат. Өзүнөн АИВ-инфекциясынын бар же жок экендигин текшерүү үчүн ыктыярдуу тестирлөөдөн өтүп туруу керек. АИВге тестирлөө ҮМБ/ҮДТда, эгер кааласа СПИД борборлордо купуя жүргүзүлөт. Тесттин жыйынтыгы текшерүүдөн өткөн гана адамга кабарланат. АИВге карата кооптуу кырдаалда СПИД борборлоруна же медициналык тез жардам станциясына биринчи үч күндун ичинде кайрылуу жана байланыштан кийинки алдын алуу чараларын колдонууга тийиш. Бардык оорулардан алдын ала сактаныңыз!

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information