Кыргызстанга Pfizer-BioNTech компаниясынын вакцинасы келди

Кыргызстанга Pfizer-BioNTech компаниясынын вакцинасы келди

7-августта Кыргызстанга COVAX механизми боюнча Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасынын 100 620 дозасы келди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. «Кыргызстанга Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын күтүлгөн дозасы келди, бирок белгисиз себептерден улам вакциналар эриткичсиз келди. Анын себептерин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Элге болгон жардамыбызды аябайбыз. Кыргызстандан сыртка шашылыш сапарга чыккандар жана колунда билети барлар (0703) 126 442 номуруна чалып, эмдөө боюнча кеңеш алса болот. Калган жарандардан азыркы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз», – деди Ишенапысова. Маалымат үчүн: Pfizer-BioNTech вакцинасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан шашылыш колдонууга уруксат берилген. Вакцинанын эффективдүүлүгү 95% түзөт. Коргоочу эффект биринчи дозадан 12 күндөн кийин өнүгө баштайт, бирок толук коргоону камсыз кылуу үчүн эмдөөнүн эки дозасы талап кылынат, аны ДСУ 21-28 күн аралыкта жүргүзүүнү сунуш кылат. COVID-19 инфекциясынын терс таасирин эске алып, ДСУ кош бойлуу жана эмчек эмизүү учурунда Pfizer-BioNTech вакцинасын колдонууну сунуштайт. Pfizer-BioNTech вакцинасы мРНКга негизделген, вирустарды камтыбайт жана адамдын ДНКсына таасир этпейт. Каршы көрсөтмөлөр: Вакцинанын кандайдыр бир компонентине анафилактикалык реакциянын болушу. Эмдөөдөн кийин мүмкүн болгон терс реакциялар: ийне сайылган жердин кызаруусу жана оорушу, чарчоо, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын жана муундардын оорушу мумкун, алар 3 күндөн ашык эмес убакытта өз алдынча жоголот.

Points

интересно

👍

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information