Бөлмөлөрдөгү желдеткичтердин пайда, зыяны канчалык? Желдеткичтердин пайдасы көбүрөөк. Анткени адам ысып, тердеп турганда кондиционер сергип калганга жакшы шарт түзөт. Бирок, бул желдеткичтер сырткы температурадан 5 эле градус төмөн болушу керек. Аябай ысыктан муздак бөлмөгө кирип кетсек, өнөкөт оорулар козголот. Андыктан желдеткичтердин температурасын муздак кылып койгонго болбойт. Ошондой эле муздак бөлмөдө отуруп, ысып турган күнгө чыккан дагы туура эмес. Бул тери ооруларын пайда кылат.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation