Ысыктан эсин жоготуп, жыгылгандарга кандай жардам көрсөтүлөт

Ысыктан эсин жоготуп, жыгылгандарга кандай жардам көрсөтүлөт

Ысыктан эсин жоготуп, жыгылып калган учурларда тез жардам келгенге чейин ал адамга кандай жар дам көрсөтүү керек? ►Күндүн ысыгынан эсин жоготуп, жыгылып калган учурлар коомдук транспортто көп катталууда. Себеби, эл көп болуп, аба жетишпей калат. Мындай учурга дуушар болгон бейтапты коомдук транспортто же башка жерде болобу, дароо таза абага алып чыгыш керек. Андан кийин көлөкө жерге жаткырып, буттарын өйдө көтөрүп, галстугу болсо аны чечип салуу зарыл. Анан сөзсүз түрдө тез жардам чакырыш керек. Анткени, дарыгер гана ал адамдын абалын текшерип, эмне менен дарылоо керек экенин айта алат. Эгерде эсин жоготпосо, ага өтө муздак эмес суу ичирип, бетин бир нерсе менен желдетип туруу шарт.

Points

Азыркы учурда керектуу маалымат.

👍

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information