Кутбидин Бекажиев: «Медицинага арнаган өмүрүмө өкүнбөйм»

Кутбидин Бекажиев: «Медицинага арнаган өмүрүмө өкүнбөйм»

Кутбидин Бекажиев: «Медицинага арнаган өмүрүмө өкүнбөйм» КЫСКАЧА ӨМҮР ТАРЖЫМАЛЫ: Бекажиев Кутбидин Абытович – Ош областтык балдар ооруканасынын дарылоо иштери боюнча директорунун орун басары Билими – 1990-1996-жж. Кыргыз мамлекеттик медицина институту, Педиатрия факультети; Сыйлыктары – 2012-ж. «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси; 2017-ж. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак Грамотасы; 2021-ж. «Ош шамы» гезитинин жыйынтыгы боюнча «Жылдын мыкты дарыгери» аталган. Бала ооруса ата-эне гана эмес, ар бир адамдын жүрөгү ооруйт. Ата-эненин абалын тең бөлүшүп, бул учурда аларга үмүт берген адам – педиатр адиси. Биздин кезектеги каарманыбыз Ош областтык балдар ооруканасынын дарылоо иштери боюнча директорунун орун басары, жогорку даражадагы педиатр адиси Кутбидин Бекажиев, медицина тармагына өмүрүн арнаган, быйыл 50 жашка келгенин айтып, кызыктуу маек куруп берди. БАЛДАР ПЕДИАТРЫ ДЕГЕН КИМ? «Кесибим боюнча педиатрмын. 1996-жылдан бери Ош областтык балдар ооруканасында иштеп келе жатам. Орун басардын кызматын ээлеп келе жатканыма жети жылдын жүзү болду. Педиатрия — төрөлгөн ымыркайды 29 күнүнөн баштап 16 жашка чейинки балдарды карайт жана дарылайт. Алар менен иштешүү абдан оор, өтө кылдат мамилени талап кылат. Анткени, бир жашка чейинки ымыркайлар көп оорушат. Наристе балдар сүйлөй алышпайт, көрсөтө алышпайт, түшүндүрүп беришпейт. Көз карашы, ыйлаганы, онтогону, анан бир гана ата-энесинин айтканы менен иштөөгө, дарылоого туура келет. Андан башка кошумча аспаптар менен изилдөөлөр жардам берет. Ата-энелер менен дагы тил табышуу кыйын, алардын нааразычылыктары көп болот. Ар кимдин мүнөзү, талабы ар кандай болот», — деп абалды түшүндүрдү К.Бекажиев. РЕФОРМАДАН КИЙИНКИ АБАЛ Саламаттык сактоо системасындагы реформага карата да өз пикирин билдирди каарманыбыз. «Биздин кызматтарда өзгөрүүлөр жүрүп, баары үй-бүлөлүк дарыгер аталды. Бул өтө оор иш. Биринчиден терапевт адиси педиатр болуп иштей албайт. Алардын мамилеси, иши такыр башка. Ошол эле убакта, ата-эне алдында жоопкерчилик абдан чоң. Ошондой эле кадр маселеси бар. Региондордо жаш адистер аз. Бир облуска барып, иштеш үчүн тажрыйба керек. Жаш кадрлар иштеп кетиш үчүн жакшы консультант, кеңешчи керек. Колунан жетелеп, билгенин үйрөтүп турса, жакшы адистер чыгат. Тилекке каршы, акыркы күндөрү зордук-зомбулукка туш болгон балдар бар. Мындай учурда министрликтин жаңы чыккан буйругу боюнча Стамбулдук протоколду толтурабыз. Керектүү жерлерге маалымат беребиз. Айыгып чыккандан кийин аны керектүү адамдар камкордукка алып, жардам беришет. БИЗДИН ДАГЫ ЖҮРӨГҮБҮЗ ООРУЙТ… Быйыл 50 жашка келдим. 23 жашымдан бери медицина тармагында иштеп келе жатам. Көп учурда жумушта болом, ал менин экинчи үйүм. Медицинага арнаган өмүрүмө эч өкүнбөйм. Балдарды айыктырып чыгарганда абдан кубанам. Ата-энелердин сүйүнгөнүн көрүп, кошо сүйүнөм. Айла жок, кээде жоготуу учурлары болот. Ал убакта биздин дагы жүрөгүбүз ооруйт, ата-энелер менен чогуу ыйлаган күндөрүбүз да бар. Бир гана дарыгер эмес, ата катары, инсан катары кабыл алып, жардам беребиз. Үй-бүлөм жөнүндө айтсам, жубайым мугалим, 3 баланын атасымын. Кызым менин кесибимди улантып, медицина тармагына кадам таштаган. Кичүү кызым мектеп окуучусу. Үй-бүлөм менин колдоочум, алар үчүн бардык күч-аракетимди жумшап келе жатам. Маектешкен Алия Назымова ДЕН СООЛУК+ ЖУРНАЛЫ

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information