Мээге телефон, гаджет, планшеттин да зыяны тийиши мүмкүн

Мээге телефон, гаджет, планшеттин да зыяны тийиши мүмкүн

Мээге телефон, гаджет, планшеттин да зыяны тийиши мүмкүн Жыйырма биринчи кылым техниканын ааламдашуунун мезгили деп коет эмеспи. Ааламдашуунун жана санариптешүүнүн жакшы жактары менен катар бир кыйла олуттуу маселе жарата турган тарабы да бар экенин тана албайбыз. Бул маселеге тиешелүү Кыргыз Республикасынын Илимге эмгек сиңирген ишмери, Эмгек сиңирген врач, медицина илимдеринин доктору, профессор, КУИА академиги Миталип Мамытов агайыбыз да өз ою менен бөлүштү. «Азыр чоңдор да, балдар да, жөнөкөй адамдардан баштап, мектеп курагындагы, бешиктеги балдар деле ошол телефон, гад­жет жана планшетке, техникага байланышып калды»,- деп сөзүн баштады М.Мамытов. «Мунун жакшы жактары да, жаман жакта­ры да бар. Буларды көрүп, ойноп отургандан көрө китеп окуш керек же бирөө менен сүйлөшүү керек. Азыр ата-энеси менен балдары сүйлөшпөй калды. Аялы менен күйөөсү сүйлөшпөй, келип эле телефон же сыналгы карайт. Маектеши жалаң эле ошолор болуп калды, мунун терс тарабы бизди бири-бирибизден алыс­татып жатат, атаны баладан, кү­йөөсүн аялынан, энени кызынан, достордон алыстатып жатат. Бул жагынан алып караганда баарла­шуу болбой калууда. Бирок бир тараптуу кароого болбойт, мунун жакшы жагы да бар, балдарга маалымат, илим-билим берип, билим берүү жаатында жакшы салым кошууда. Ошол эле учурда мунун дагы бир биз билбеген электромагниттик толкундар деген жактары бар. Мээ электро­магниттик толкундарды кабыл алганда жаман таасир бериши мүмкүн, компьютердин, телефон­дун, сыналгы, планшеттердин да терс таасири бар. Мисалы адам өзү эпилепсияга жакындыгы бар болсо, бул толкундар аны күчөтөт, приступ кармайт. Электромагниттик толкундар мээнин толкундары менен кошулуп, күчөтүлгөн таасир берет. Кээ бир ооруларды козгоп же жаңы оору­ларды пайда кылышы ыктымал, акыл-эс жөндөмүн да төмөндөтүп коюшу мүмкүн»,- деп кабатырла­нат профессор. ЖАН ДҮЙНӨҢ ТАЗА БОЛСО, ДЕНИ КАРДЫҢ ДА ТАЗА БОЛОТ Агайдын айтымында, мээ дагы калган органдардай эле өзүнө көңүл бурууну талап кылат, өпкө­гө канчалык аяр мамиле жасаса, жүрөккө, ашказанга канчалык кам көрсө мээге да андан бетер аёо мамиле кылып кам көрүү зарыл. Мээ татаал, назик орган, өтө купуя, сырдуу орган, аны өстүрүп, багып, сактап аяр мамиле жасоо керек. Кышында суукта баш ки­йим кийбей жүрсө мээге кадимки­дей эле суук тиет. Башыңда чач, сөөк болуп аны сактап турса да, маселен башын жууп кургатпай сыртка чыкса, муздак суу менен жууса, катуу суукта баш кийим­сиз жүрсө, аны сактоо мүмкүн эмес. «Жоокер бутун жылуу, башын муздакта кармоосу керек» деп Суворов айтканына карабай, башты жылуу алып жүрүү мээни ар кандай оорулардан сактайт,»- деп сөзүн улантты М.Мамытов. «Су­воровдун айтканы солдаттар үчүн чыдамкай болууга чакырган десек болот. Эгерде кан басымы көтө­рүлүп кеткен болсо, биринчи эле мээнин тамырларына таасир берет, ачууңуз келсе да мээге сигнал ке­тет, ошол үчүн аны бапестеп багып аяп жүрүшүбүз керек. Орустарда: «Кудай адамдын ичине жүрөгү аркылуу кирсе, шайтан анын башы (мээси) аркылуу кирет» деген ыла­кап сөзү бар. Ошол себептен мээ алдап коюшу мүмкүн, ар кандай ойлор болот ал эми жүрөк эч качан алдабайт. Жүрөк бир гана сүйөт, ал эми мээ сүйүп калышы мүмкүн, жек көрүп калышы, жиндилик кылышы, эс алып калышы, эстебей калышы мүмкүн. Ал эми жүрөктө Кудай бар, ошондуктан жүрөк эч качан жамандык кылбайт. Ал эми шайтан акылын адаштырып алдап коёт. Эгер акыл каршы болсо дагы жүрөк дайыма чындык тарапта деп айтылат. Ошондуктан жүрөгүбүз менен эле эмес акылыбыз менен да сүйүп, ар дайым жакшылыкка үмүт кылып, шүгүр кылып жашай­лы. Ички дүйнөбүздү таза туталы, айлана-чөйрөбүздү, денебизди таза туталы, китеп окуйлу. Илгертен бери «В здоровом теле здоровый дух» — «Таза денеде таза жан дүйнө болот» деген сөз бар. Мен болсо ал сөздү башкача айтам: «Жан дүйнө таза болсо, дени кардың таза бо­лот», — деди сөзүн жыйынтыктаган М.Мамытов. Келгиле баарыбыз жан дүйнөбүз­дү таза туталы, денебизди өркүндө­төлү, өзүбүзгө, айлана-чөйрөбүзгө аяр мамиле жасайлы. Маектешкен Гүлбайра Абдраимова Ден соолук + журналынан алынды

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information