Коопсуз энелик, эхинококкоз, гепатит жана Ковид-19

Коопсуз энелик, эхинококкоз, гепатит жана Ковид-19

Ысык-Ата районунун КУЗ адистери райондун ар тарап жагында жайгашкан айылдардагы Айылдык ден соолук комитеттери, кош бойлуу аялдар, ымыркай балдары бар энелер, ветеринардык доктурлар, айыл старосталары жана каалоочулар менен жолугушууларды жүргүзүшүп келишти. Жолугушуулар негизинен "Коопсуз энелик", "Эхинококкозду алдын алуу", "Гепатиттин түрлөрү" жана "Ковид-19 га каршы эмдөөлөр" темаларында маалыматтар берилди. "Коопсуз энелик" - темасында: кош бойлуу учурда аялдарда кездешүүчү кооптуу белгилер, мисалы колу, беттин шишиши, температуранын көтөрүлүшү, баланын кыймылдабай калышы, ал эми жаңы төрөлгөн ымыркайларда ичинин өтүшү, кусуу, температура, пневмония сыяктуу белгилерди үй булө мүчөлөрүнүн билүүсү маанилүү экендиги жөнүндө, гепатит, эхинококкоз оорулардын алдын алууда гигиена, стерилдүү аспаптарды колдонуу зарыл экендиги, ошондой эле Ковид-19 вирусуна каршы вакцинаны алуу, коллективдик иммунитетти пайда кылып, оорунун таралышына бөгөт коюунун эң эффективдүү жолу экендиги тууралуу айтылды.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information