Менин бутум какшап угуп жатты эле эки күндөн бери кызматта жүрүп көп бассаң чарчап кызып оруйтго ошондой болуп атат эмне кылсам болот
Саламатсызбы, буттардын оорушу менен коштолгон бир нече олуттуу оорулар бар. Аларга төмөнкүлөр кирет: тромбофлебит, веналардын варикоздук кенейиши, флеботромбоз, остеохондроз, грыжа, остеопороз, муундардын оорусу жана атеросклероздун облитерациясы оорулары. Андан башка ашыкча кыймыл же тынбай коп басуу, же болбосо "дайыма отуруп иштоо", оор которуу, ашыкча салмак; витаминдердин жана минералдардын жетишсиздиги дагы буттардын оорусуна алып келиши мумкун.
Сиздики коптон бери кыймылдабай журуп, 2 кун тынбай коп басып, катуу кыймылдагандан да оорушу мумкун. Туура жана так диагнозду бир гана дарыгер аныктайт. Андыктан участкалык дарыгерге корунуп коюшунуз керек. Оорунун себебин жоюу менен, сиз толук айыгууга жетишип, буттун кыймылдуулугун калыбына келтирип, активдүү жашоого кайтып келе аласыз.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation