Эхинококкоз жана вирустук гепатит ооруларын алдын алуу

Эхинококкоз жана вирустук гепатит ооруларын алдын алуу

Чүй облусунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери (ЧОУМБ) окуучуларга эхинококкоз жана вирустук гепатит дарттары боюнча маалымат беришти. Эхинококкоз негизинен иттен же ит булгап кеткен жерлерден жугат. Өзгөчө, кичине балдар иттер менен ойношот. Короодо бош ит болсо огороддогу жашылча, жемиштерди жуубай жеген учурда жугат. Ошондуктан иттерди дайыма байлануу кармап, жылына 4 жолу гельминт курттарга каршы даары берип, иттен чыккан заңды орттоп салуу керек. Мал союлганда эч качан малдын бузулган органдарын чийки бойдон итке бербеш керек, бул түздөн-түз биздин, жана балдарыбыздын ден соолугуна залал келтирет. Вирустук гепатит оорусу оорулуу адамдан дени сак адамга заң аркылуу, ооз аркылуу жугат, аны "Кир колдор оорусу"- деп аташат. Таза жуулбаган идиш, оюнчуктар, жашылча-жемиштер, ысык суу менен тазаланбаган тамак-аш азыктары мунун баары оору жуктуруп алууга себепчи болот. Бул эки оору тең боорго зыян келтирет. Эгер ар бирибиз маалымдуу болсок, тазалык эрежелерин сактасак - ден соолугубуз бекем болуп, өмүрүбүз узун болот.

Points

Эхникоккоз оорусу аыркы учурдагы актуалдуу койголордун бири.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information