Түбөлүк жашоо бар, анык, А белгисиз бирок аралык. Жалганда жакшы жашоого, Жакшы сөз, бизге жан азык. Жаман сөз айтпай жашасак, Жакшылык ишти талашып. Жүрөктөр таза сакталмак, Жаңылбайт элек адашып. Биртке калчап акылды, Чала күмөн курбайлы. Эптеп жеткен акылды, Көрүнгөн жакка бурбайлы.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation