СТРЕСС ЖАНА АЛКОГОЛЬ

СТРЕСС ЖАНА АЛКОГОЛЬ

СТРЕСС ЖАНА АЛКОГОЛЬ Такай болуп туруучу стресс, чарчоо жана кыжырдануулар кан тамырлардын чыңалуусу менен катар артериалдык кан басымдын туруктуу мүнөздө жогорулоосуна алып келет. Айрым адамдар алкоголдук ичимдик ичүү менен стресстик абалды жеңүүгө аракет жасашат жана ошол жардам берип жатат деп ойлошот. Бирок бул учурда алкоголь мээге жана адамдын ой жүгүртүүсүнө, эс тутумуна залалын тийгизип, организмдин башка органдарын ууландырып жаткан учур болот. Ошондуктан бул учурда адамдын стресстик абалы андан ары анын уулануусу менен коштолот дагы, ууланган организм ой жүгүртүүнү начарлаткандыктан алкоголдун жардамы менен стресстен арылып жатам деген ката ойго токтолушат. Такай алкоголдук ичимдик ичкен адамдардын 40% жогорку кан басым оорусу менен жабыркашы далилденген. Стрессти алдын алуу үчүн сунуштар: Көп нерсеге көңүл бурбагыла ♦ Позитивдүү ой жүгүртүүнү үйрөнгүлө ♦ Көңүлдү башка нерсеге алаксытууну колдонгула ♦ Терс эмоциялардан алыс болгула ♦ Көңүлдү көтөрүнкү абалда алып жүргүлө ♦ Физикалык көнүгүүлөрдү жасагыла ♦ Колуңардагы нерсеге ыраазы болуп каниет кылгыла ♦ Эс алганга убакыт бөлүп, саякатка чыккыла ♦ Таза абага тез-тез чыгып тургула ♦ Өзүңөрдү өз алдынча кайраттагыла ♦ Өзүңөргө жаккан бир иш же хобби таап алгыла ♦ Өзүңөрдү кубандырган нерселердин тизмесин түзүп алып, маанайды көтөрүүгө аракет кылгыла ♦ Кыялданып, фантазияны иштеткиле ♦ Күндөлүк түзүп, күнүмдүк иштерди ирээттештирип алгыла

Points

Туура

Стресстен кантип чыкса болот? Кимден кеңеш алыш керек, мүмкүнчүлүк болсо жооп берип койсоңуздар?

Эн маанилуу маалымат.

Мен дагы мурда ушитип ойдо болчумун, балдар менен ичип алып журо берчубуз. Азыр ойлоп корсом чындап эле жардам бербептир, тескерисинче ичпей калгандан бери канча проблемалар болду. адам экенбиз баарын котордук го. тескерисинче азыр ошол ичип жургондогуго караганда кудайга шугур эле журуп калдык, ичкен достор калды озу менен озу чойро дагы тазаланды окшойт.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information