Жалган миф - Вакцина табигый иммунитетти алсыратат

Жалган миф - Вакцина табигый иммунитетти алсыратат

Жалган миф - Вакцина табигый иммунитетти алсыратат Эмдөө - адамдарды оорудан коргоонун эң жөнөкөй, коопсуз жана эң эффективдүү жолу. Бул жалпы процесс биздин иммундук системабызды үйрөтүүгө негизделген.  Элестетиңиз, сиздин иммундук системаңыз шамдагай жана чебер полиция кызматкерлеринин атайын отрядынын бир түрү. Бирок кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмышкерлерди кармоо үчүн полиция кызматкерлерине далилдер, фотороботтор жана сырткы келбетинин сүрөттөлүшү керек. Мындан тышкары, бул жогорку класстагы полиция кызматкерлери такай машыгуудан өтүп, өздөрүн жакшы физикалык формада алып жүрүшү зарыл.  Эмдөө ушундай тренинг катары кызмат кылат. Вакциналарда "өлтүрүлгөн" же олуттуу алсыраган патоген же анын кабыгын түзгөн кээ бир молекулалар бар. Бул ооруну пайда кылуу үчүн жетиштүү эмес, бирок биздин иммундук система патоген менен таанышып калат жана ал чыныгы "кылмышкерге" туш болгондо, оорунун басып киришине өз убагында жооп бере алат.  Айрым учурда "үйрөнүү" үчүн бир нече этаптарды өтүү зарыл: мындай учурларда, белгилүү бир график боюнча вакцинанын бир нече дозасын алуу керектигин айтышат.

Points

Вакцина алган адамдар вирусту алып журуучу носитель болуп калышы мумкунбу?

Азыркы алып жаткан вакциналардын курамын кийин бир нече жылдан кийин атайы анализ кылса, мурда вакцина алган адам катары азыркы вакцинанын курамы чыгышы мумкунбу?

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information