Анемия жана анын алдын алуу

Анемия жана анын алдын алуу

Анемия жана анын алдын алуу (Өспүрүм курактагылар үчүн) Өспүрүм куракта органдардын жана ткандардын тынымсыз өсүп-өөрчүшүнөн улам организмдин темирге болгон керектөөсү кескин түрдө жогорулайт. Организмде темир, гемоглобин же эритроциттердин жетишсиздиги АНЕМИЯНЫ (аз кандуулук) пайда кылат. Анемия менен жапа чеккен адамда анын органдарына жана ткандарына кычкылтекти жеткирүү үчүн жооптуу болгон эритроциттердин деңгээли төмөндөйт. Биздин абалыбыз, активдүүлүгүбүз ошондой эле тышкы көрүнүшүбүз дагы кандагы гемоглобиндин деңгээлинен көз каранды. Анемиянын кесепеттери: ♦ дене бой жана акыл-эс жактан өнүгүүдө артта калуу ♦ ишке болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндөйт ♦ Билим алууда артта калуу ♦ иммунитеттин төмөндөшү ♦ баш айлануу жана теринин кубарышы Өспүрүмдөрдөгү анемиянын өнүгүүсүнүн коркунуч факторлору ♦ тамак-аш менен темирдин жетишсиз келиши (начар тамактануу же ачка болуу диеталары); ♦ вегетарианец адамдардагы темирдин жетишсиздиги; ♦ организмдеги темирге болгон жогорку керектөө (дене бойго көп күч келтирген учурларда); ♦ ашказан-ичеги ооруларынын темирди сиңирүүсүнүн бузулушу (аллергия, мите-курт илдеттери, гастриттер); ♦ темирди патологиялык жоготуу (айыз учурундагы кан жоготуу). Анемиянын бар же жоктугун текшерүү үчүн эртең менен ачкарын манжадан кан тапшыруу зарыл. Изилдөөгө бир күн калганда майлуу жана куурулган тамак колдонбоо керек. Кан алууга 10-15 мүнөт калганда денеге күч келтирбеш керек. Мисалы: чуркап же оор көтөрүп келип, кан тапшырууга болбойт. Эгерде өспүрүмдүн канындагы жалпы анализде гемоглобиндин деңгээли -110 г/л аз, ал эми эритроциттин курамы 3,8 аз болсо, “анемия” диагнозу коюлат. Анемияны алдын алуу Анемияны алдын алуунун эң эле ишенимдүү ыкмасы тамактануу адаттарын өргөртүү болуп саналат. Ата-энелер, өспүрүмдүн күнүмдүк рационуна темирди көп камтыган азыктарды колдонуулары керек, алар: • боор; • майы аз кызыл эт; • төө буурчак; • нан жана байытылган дандар; • гречка; • жаңгактар; • кургатылган жемиштер; • помидор. Темир өсүмдүк тектүү азыктарга салыштырмалуу жаныбар тектүү тамак-аштарда жакшыраак өздөштүрүлөт. Өспүрүмдүн рационуна темирдин жакшы сиңирилишине жардам берүүчү С витамини менен фолий кычшшына бай келген жашылча жана жемиштерди (көк жашылчалар; карагат, цитрус, ашкабак, болгар калемпири, ит мурун) көп колдонуу сунушталат. Өспүрүмдөр үчүн кеңештер ► Тамактануу учурунда чай, кофе пайдалануу күнүмдүк тамак-аштардын курамындагы темирдин сиңирилишин начарлатат. Аларды тамактануудан 1,5-2 сааттан кийин ичсе болот. ► Кайсы жыл мезгили болбосун таза абада тез-тезден жана узак убакытка серүүндөп тургула. Анемияда ткандарда, анын ичинде баш мээ жана жүрөктө кычкылтек жетишсиздиги келип чыгары эсиңерде болсун. ► Жеке гигиенаны сактагыла – колду самындап жуугула, жуулбаган жашылча жана жемиштерди жебегиле, ичеги инфекцияларын азайтуу максатында дааратканаларды тазалыкта кармагыла. Анемияны спецификалык алдын алууга жылына 2 жолу 3 айдан тыныгуу менен 3 ай боюу темир препараттарын жана фолий кычкылын ичүү кирет. Темир препараттарын дарыгер жазып берген так өлчөмдө ичүү керек. Темир жетишсиздиги дагы, ашыкча болушу дагы ден соолукка зыяндуу! ТЕМИР ПРЕПАРАТТАРЫН ИЧҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ Темир препараттарын түштөн кийин тамактануулардын ортосундагы аралыкта иче турган болсо жакшы өздөштүрүлөт. Эгерде дары ичкенде көңүл айныса, анда таблетканы түн ичинде ичкен жакшы. Темир камтыган препараттардын арасынан курамында С витамини жана фолий кычкылы камтылган дары-дармектер сунушталат. Темир препараттарын сүт азыктары менен ичүүгө болбойт.

Points

Сонун маалыматтар

👍 жакшы маалымат экен

Азыркы мезгилде анемиянын алдын ала турган кез ошондуктан жазга карата жакшы даярданып алыш керек

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information