"Спутник V" вакцинасы: кандай каршы көрсөтмөлөрү бар?

"Спутник V" вакцинасы: кандай каршы көрсөтмөлөрү бар?

"Спутник V" вакцинасы: кандай каршы көрсөтмөлөрү бар? Эмдөө эки этапта жүргүзүлөт: алгач I компонент 0,5 мл дозада алынса, 21-күнү II компонент дагы 0,5 мл дозада алынат. Вакцина ийин булчуңга жасалат. Каршы көрсөтмөлөр болуп төмөнкүлөр саналат: - Спутник V вакцинасынын кандайдыр бир компонентине же ушуга окшош компоненттерди камтыган башка вакцинага жогорку сезгичтик (бул эмдөөнүн алдында бейтапты текшерүүдө дарыгер тарабынан такталат); - анамнездеги оор аллергиялык реакциялар (буларга төмөнкүлөр кирет: Квинке шишиги, анафилактикалык шок); - курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар – бул учурда, эмдөө, айыккандан 2-4 жума өткөндөн кийин жасалат. Оор эмес курч респиратордук вирустук инфекцияларда, ашказан-ичегинин курч жугуштуу ооруларында эмдөө дене табы турукташкандан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн; - өнөкөт оорулардын күчөшү - эмдөө ремиссия (калыбына келтирүү) башталгандан 2-4 жума өткөндөн кийин жасалат; - 22 жумага чейинки кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили; - 16 жашка чейин балдарга Вакцинанын экинчи компонентин киргизүүгө каршы көрсөтмөлөр: Эгерде биринчи эмдөөдөн кийин, анын кыйыр таасирери пайда болсо, бейтапка Спутниктин экинчи дозасынан медициналык бошотуу (медотвод) берилет. Аларга төмөнкүлөр кирет: - анафилактикалык шок, - оор жалпы аллергиялык реакциялар, - карышуу, тырышуу синдрому, дене табынын 40°С жогору ж.б. Кайрадан эмдөө аллергиялык реакция пайда болгон мурунку вакцинанын дозасын алгандан 3 айдан кийинки убакта башка вакцина менен жасалат.

Points

Такыр вакцина алып көрө электер вакцинага аллергиясы барбы жокпу кантип аныктаса болот?

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information