Урматтуу жарандар! Эгерде силерде бир нече белгилер байкалса

Урматтуу жарандар! Эгерде силерде бир нече белгилер байкалса

Эгерде силерде төмөндөгү симптомдордун ичинен бирөөсү же бир нечеси пайда болсо: ►дене табынын жогорулашы ►кургак жөтөл, тамактын оорушу же ачышуусу ►ичтин өтүшү ►алсыроо, терчилдик ►муундардын сыздашы, булчуңдардагы оорутуу ▼ ►Үйдө болгула ►Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонгула (мүмкүнчүлүккө жараша өзүнчө бөлмөдө болгула, үйдүн ичинде ары-бери жүрүүнү чектегиле) ►Гигиенаны сактагыла (беткап тагынгыла, колду тез-тезден жуугула, өзүнчө идиш-аяк колдонгула, бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип тургула). ▼ Сунуштар: ►Суюктукту (суу, чай, компот) көп ичүү ►Парацетамол (чоңдорго жана өспүрүмдөргө) күнүнө 2-4 жолу 500 мг же Ибупрофен 200-400 мг ар бир 4-6 саатта ►Башка өнөкөт оорулар боюнча дарыланууну улантыңыз (гипертензия, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорулары, бронхиалдык астма ж.б.). Абалыңарга байкоо жүргүзгүлө Абалга байкоо жүргүзүү ►Дененин табын өлчөгүлө ►Кан тамырдын кагышына көз салгыла ►Дем кыстыгуунун/жөтөлдүн пайда болушуна же күчөшүнө көңүл бургула ▼ Ден соолуктун абалы начарлаган учурда (дене табы түшпөй жатса, жөтөл күчөсө, кыйналган дем алуу/дем кыстыгуу пайда болсо), бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерге билдиргиле ЖЕ андан аркы дарылоо тактикасын аныктоо же мүмкүн болгон ооруканага жатуу үчүн 118ге чалгыла. ►Антибиотиктерди жана башка далилденбеген вируска каршы дары каражаттарын өз алдыңарча кабыл албагыла ►Дарыгер көрсөтмөлөр боюнча керектүү дарылоону дайындайт Симптомдор болгон учурда СУНУШТАЛБАЙТ: ►Коомдук жайларга (дүкөндөр, дарыканаларга ж.б.) баруу. ►Тест, кандын анализин тапшыруу жана өпкөнүн компьютердик томографиясынан өтүү үчүн медициналык уюмдарга жана лабораторияга өз алдынча келүү.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information