Кыргыз Республикасында кургак учукту аныктоо жана дарылоо акысыз көрөсөтүлөт. 🔔 Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык кургак учук менен ооругандар медициналык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алуучу категорияга киришет. Медициналык кызматтарды алуу үчүн: Кургак учукка каршы бөлүмдөрдө жана ооруканаларда, ҮМБ/ЖДПБ жана ҮДТ/ФАПтарда кургак учук менен ооругандар дарыгерлердин консультациясын, лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жана кургак учукка каршы дары–дармектерди акысыз алышат. ‼️Эгерде оорулуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган болсо (иштегендер; пенсиядагылар; социалдык жөлөкпул алгандар; он алты жашка жете элек балдар; баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары; жыйырма бир жашка жете элек орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери; ММК төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөндөр жана ММК Полисин сатып алгандар) анда алар Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы боюнча дары-дармектер менен жеңилдетилген шартта камсыз болуу укугуна ээ.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation