Кургак учукту биздин арабыздан ким гана болбосун курагына жана социалдык абалына карабастан жуктуруп алышы жана ооруп калышы ыктымал. Биздин өлкөдө көптөгөн адамдарда кургак учуктун таякчасы бар, бирок өмүрүнүн ичинде алардын 10%ы гана кургак учук менен ооруп калышы мүмкүн. Жыл сайын Кыргыз Республикасында кургак учуктун жаңы учурлары анын ичинде балдарда жана өспүрүмдөрдө катталат. Кургак учук менен ооругандардын жарымынан көбү – эмгекке жарамдуу курактагы адамдар. 💊💊💊 Кургак учукка каршы дары-дармектер организмге ар кандай кыйыр таасирлерди тийгизиши мүмкүн. Көпчүлүгү аны сезбейт, бирок кээ бир бейтаптарда белгилүү бир көйгөйлөр жаралат. Көбүнчөсү жүрөк айлануу жана кусуу, тамак сиңирүү, ич өтүү маселелери, муундардын оорушу. ☝️ Эреже боюнча, бейтаптын организми дары-дармектерге көнгөндө, терс реакциялар басаңдайт же толугу менен жоголот (бул 4 жумага созулат). Ошондуктан, эгерде кыйыр таасирлер пайда болсо, анда дарыгерге же медайымга бул жөнүндө билдирүү керек. Дары-дармектерди белгиленгендей ичүүнү улантуу керек. 🔊 Дары ичууну узгултукко учуратуу туруктуу кургак учукка алып келиши мүмкүн, аны дарылоо бир топ татаал жана көп убакытты талап кылат.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation