Аллергия эмнеден улам пайда болот? 

Аллергия эмнеден улам пайда болот? 

Аллергия организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга - аллергендерге болгон адамдын организминин дүүлүгүсү. Аллергиялык оорулар бронх астмасы, поллиноз, дерматиттер, дарылардан жана тамак-аштан пайда болот. Булардын келип чыгуусуна антибиотиктерди, дары-дармектерди көп пайдалануу, өнөр жайдын тез өсүп, синтездик материалдардын, боёктордун, кир кетиргичтердин жана башка турмуш-тиричиликке керектүү химиялык заттардын көбөйүшү себеп болот.  Аллергендердин түрлөрү: жөнөкөй химиялык заттардан тартып, эң татаал белоктор ж.б. бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир эткен экзогендик жана огранизмдин ичинде пайда болгон эндогендик аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз чаң, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаңчасы, тамак-аш жана инфекциялуу бактериялар, вирустар, козу карындар болуп айырмаланышат. Экзогендик - бул биологиялык аллергендер. Аларга микробдор, вирустар, козу карындар, мителер, кан сары суусу жана вакцина кирет. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды аллергендер коштойт. Ошондой эле турмуш-тиричилик аллергендерине чаң, нымдуу үйдөгү козу-карындар, курт-кумурскалар, чач, жүн ж.б. кирет.  Чаң аллергиясынын белгилери  Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн көбүнчө шамал аркылуу чаңдашуусу анын чаңчалары организмге киргенде аллергия оорусунун келип чыгуусуна себеп болот. Мында мурун бүтөт, коньюктивит болот. Ушундан улам өсүмдүк чаңчасынан болгон аллергия поллиноз деп аталат. Аллергиялык реакция тез болуучу жана жай болуучу болуп бөлүнөт. Аллерген таасир эткенден 15-20 мүнөттөн кийин териде, дем алуу, тамак сиңирүү ж.б. системаларында пайда болгон реакциялар тез болуучу аллергиялык реакцияга кирет. Алар - анафилакциялык шок, бронх астмасы, кан сары суу оорусу жана башка. Жай болуучу реакциялар бир нече суткадан кийин өнүгөт. Аларга кишилердин бактерияларга ( мисалы, кургак учук, бруцеллез оорулары) сезгичтигинин жогорулашы, химиялык өнөр жайда иштегендердин, фармацевттердин, медициналык кызматкерлердин дерматити кирет.  Алдын алуу жолдору  Аллергиянын алдын-алуу үчүн ар бир адам өз ден соолугуна көңүл буруп, өз убагында дарыгерлерге кайрылса, бул ооруга оңой менен чалдыкпайт. Анткени, дарылоону врач гана жүргүзүшү керек. Ооруну чакырган аллерген аныкталса, аны дарылап айыктыруу жеңилге турат. Лабораториялык диагностикалык ыкма ар кыл заттарга организмдин жогорку сезгичтигин аныктоого мүмкүндүк берет. Ал эми врачтардын дарылоосу оорулууга аллергендердин келип түшүүсүн токтотууга жана аллергенге сезгичтигин төмөндөтүүгө багытталган. Аллергенге сезгичтикти төмөндөтүү гипосенсибилизация (десенсибилизация) деп аталат.  Гипосенсибилизация-оорунун белгилери жок мезгилде жүргүзүлөт. Мисалы, кан басымы төмөндөп кетсе аны нормага келтирүүчү, бронх астмасында бронхторду кеңейтүүчү ж.б. дарылар берилет. Врачтар жазып берген дарыларды ичкенден сырткары, үйдүн ичин таза кармоо да зарыл. Ошондой эле организмдеги бардык инфекциянын очогун (ооруган тиш, мурундун сезгениши ж.б.) жоготуу керек. Ичеги-карындын иштешин жакшыртуу тамак-аш аллергиясын азайтат. Балдарда аллергиянын алдын-алууда эмчек эмизүү негизги шарт болуп эсептелет. Эмгектенүү жана эс алууну туура айкалыштыруу да чоң мааниге ээ.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information