Сасык тумоо боюнча маалымат

Сасык тумоо боюнча маалымат

Грипп (сасык тумоо) – аба-тамчы аркылуу жугуучу курч вирустук жугуштуу оору. Учурда грипп вирусунун бир биринен антигендик спектри менен айырмаланган 2000ден ашык варианты табылган. Сасык тумоо оорусу өзгөчө кыш, күз мезгилдеринде күч алат. Белгилери: Бир нече сааттан 1-3 күнгө чейин созулган инкубациялык мезгилден кийин оору адатта курч жана катуу башталат. Оору жеңил же оор формада өтүп кетиши, атүгүл өлүмгө алып келиши да мүмкүн. Сасык тумоонун алгачкы белгилери чыйрыгуудан, катуу баш оорудан, дене табынын көтөрүлүшүнөн жана булчуң ооруларынан башталат. Ошондой эле тамак кургап, кычышат, кургак жөтөл күчөп, мурун аркылуу дем алуу кыйын болот. Мына ушул сыяктуу сасык тумоонун белгилери байкалганда адам өз алдынча дарылануудан баш тартып, дарыгерди үйгө чакыруу керек. Жумушка, коомдук жайларга баруудан алыс болушу абзел. Себеби адам ооруп баштаганда вирустар дем алуу органдарынын клеткаларында абдан тез көбөйө баштайт дагы, чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө айлана чөйрөгө көп сандаган вирустар таркайт. Бул белгилер адатта бир жумага жетпейт. Бирок жөтөл эки жумадан ашык убакытка созулушу мүмкүн. Балдар ичи өтүп, кусушу ыктымал, бирок чоңдордо мындайлар көп кездешпейт. Сасык тумоонун кабылдап кетишинен вирустук пневмония, экинчилик бактериялык пневмония, мурун көңдөйүнүн инфекциялары өөрчүшү мүмкүн. Сасык тумоо менен ооруп калбоо үчүн төмөнкү кеңештерди эске алыңыз: ►Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл. ►Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз. ►Оорубаш үчүн, жөтөлүп, чүчкүруп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл. ►"Жөтөлүү этикетин" сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз мурунду жаап, чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл. ►Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл. (айрыкча, ооз, мурунду кармагандан кийин) ►Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу.

Points

Туура айтылган

Сонун маалымат болуптур, рахмат

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information