►КООПСУЗ ШАРТТАРДЫ ТҮЗГҮЛӨ – Бала дүйнөнү таанып жатканда дайыма кыймыл-аракетте болот. Үй шартында ал жаракат албашы үчүн балага коопсуз шарттарды түзүү абдан маанилүү. ЭМНЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ ЗАРЫЛ? ►Дары-дармектер кулпуланган абалда, кол жеткис, бийик жерде болушу шарт. Ошондой эле тазалык үчүн колдонулган химиялык заттардын баарын бекитип, кулпулап коюу зарыл. ►Кесе турган курч же учтуу, ошондой эле сына турган нерселер кол жеткис, кулабай турган жерде болушу керек. ►Ток түйүндөрү - азыркы учурда көпчүлүк үйлөрдө ток түйүндөрү дубалдын төмөн жагында жайгаштырылып жатат, бирок ал жаш балдар үчүн абдан кызык жана көңүл бурууну талап кылган нерсе болуп эсептелет. Эгер ошондой ток түйүндөрү колдонулса ага капкактарды тагуу зарыл. ►Көп учурда эки же андан көп балдар арасында жип же зым менен ойноо кооптуу. ►Кулап кете турган нерселер болбошу керек. Бала үстүнө чыгып, же баланын үстүнө түшүп кете турган буюмдар болбошу керек. Мисалы айыл жергесинде шатыга чыгып кулаган балдар көп кездешет. Ошондой эле шаар жергесинде терезелердин ачык турушу, же терезеге столду жакын коюп кетүү көп кырсыктарга алып келет. ►Тамагына тыгылып калчу майда буюмдарды таштабоо. (ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗДАР)
Балдар биздин келечегибиз♡
Абдан жакшы тушунуктуу маалымат алдык
Эң туура,балдарга үй шартында да ата-эне тарбиячы боло алат. Балдарга туура кам көрүү балдардын келечеги
Менин кичинекейим 2 жашта, токко ар нерсе сайып кое берет.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation