ЛИМОН ЖАНА ЧЕСНОК 4 даана лимонду таза жууп алып, данектерин алып таштап, кабыгы менен мясорубкадан өткөзүп алабыз; Чесноктун 4 даана аарчып, аны дагы мясорубкадан өткөрүп алабыз; 3 литр сууну кайнатып, кол күйбөгүдөй абалда муздатып, ага даярдалган маңызды аралаштырабыз; (3 литрлик банкага даярдаган туура болуп эсептелет) Банканы капкагы менен оозун жаап, аны карангы жерге 5 күн коюп, 6-күндөн тартып 50граммдан 3маал, тамактанаардан 30 мүнөт мурда ичип туруу керек. Жыйынтык: Кан басым көтөрүлбөй же түшүп кетпей нормада сакталат. Андан тышкары сасык тумоого каршы организмге жакшы жардам берет. Ошондой эле баш ооруну дагы акырындап жакшы кылат буйруса.
Ашказан ооругандарга болбойт зарына кылып оорутат
Ушуну жасап, ичип көргөндөр барбы? болсо жыйынтыгын жазып койгула
Урматуу колдонуучулар. Бул жана ушуга окшогон маалыматтарды өз алдынча колдоноордон мурда атайы адистерден кеңеш алып алганыңыздар оң болот. Себеби ар бир адамдын организми уникалдуу түзүлүш болуп эсептелет. Андыктан ден соолукка кам көрүүдө дагы дарыланууда дагы адистен кеңеш алып коюу туура болот. Ден соолукта болуңуздар. 😊
👍👍👍👍
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation