Бул боюнча Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун адиси Асел Жанаева билдирди. Анын айтымында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан иштелип чыккан маалыматтык баракчалар ишкана, мекемелерге таратылып, коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча калкка кеңири маалымат таратылууда. Ошону менен бирге калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен соң адамдар эмдөө кампаниясына активдүү катышып жатышат.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation