Урматтуу мекендеш! Сиз өз ден соолугуңузду чыңдоого жана оорулардан алдын ала сактануу үчүн кандай амалдарды аткарып жатасыз? Эгерде тамеки, алкоголь, бангизат, насвай колдонуу сыяктуу зыяндуу адаттар болгон болсо андан кантип арылдыңыз же андан баш тартууга кандай аракеттерди жасап жатасыз? Ушул суроолорго өз тажрыйбаларыңыздан комментарийге жаза кетиңиз! Сиздин тажрыйбаңыз баарыбыз үчүн маанилүү. Сиз 100% анонимдүү колдонуучу катары кирдиңиз, бардыгын ачык-айкын жаза берсеңиз болот.
Туз жегенди аза йтып мөмө жемиш көп жеп жатам
Бизге гепатит боюнча маалымат берилсе
Тамеки токтотуу менее алышып жатабыз
Мен жыл сайын грипп сезону жакындаганда вакцина ала берем, зыяны жокпу десем жок деп коюшат. кыскасы туура эле сактанып жатапбы же ашыкчабы билбейм.
Азыркы учурда электрондук тамеки чеккендер ото кобойудо , окунучтуусу оспурум балдар ,кыздар коп чегуудо . Тамекинин зыйандуулугу туралуу маалыматтар соцтармакттар аркылуу кобуурок чагылдырылса
Аракет жасадым тамеки койдурганга бирок кайрале чегип алды тогуз ай койуп журуп
Менин жолдошум 10 жылдан ашуун сигарет тартып жүрдү, зыяндуулугу боюнча маалымат берип жүрүп акыры таштады, азыр мага ракмат айтат.
Мен газдалган таттуу суусундуктардын бардык түрүн ичпейм жана үй бүлөмо ичирбейм, ж.о э кара чай ичпейбиз. Кечинде сөзсүз алма жейбиз, физикалык активдүүлүк кылганга ар дайым аракет кылабыз.
Биздин үйдө Аллахка шүгүр арак ичкен, тамеки тарткандар жок. Бир жолу балам мас адамды көрүп бир чети таң калып, бир чети корккон. Ал киши мас экен десем, мас деген эмне деп😀
Ден соолук-бул бактылуу жашоо. Бактылуу болуп үчүн сөзсүз спорт менен машыгып, стресс депрессияга кабылбаганга аракет кылыш керек. Жаман адаттардан алыс болушубуз керек. Азыр көпчүлүк эл абдан агрессивдүү э, урушчаак, сабырдуулук жок. Барына шүгүр деп жашаш керек. Көрө албасчылык жаман дартка алып келет
Ачкачылык болгон жерде жугуштуу оорулары көп, барчылык жерде жугуштуу эмес оорулар көп давление, сахар, рак болот экен
Менин уйбулоомдо кудайга шугур сигарет арак ичкен адам жок туура тамактанууга ар дайым конул бурабыз
Саламатсыздарбы Ден соолугума кам көрүү максаттында Эрте менен дене көнүгүү жасап , 20мин жөө басып жаттам Күндө 2-3 мөмө, салат тамак менен
Мен өзүмдүн ден соолугума кам көрүү максатында Туура тамактанууну адатка айлантып, физикалык активдүүлүк жасап жатамын.
Биздин Талас облусунун үй-бүлөлүк ден соолукту чыңдоо боборунун координатору Гулбара эжебиз менен тыгыз иш алып барып келебиз. Мектептерге, иш-чараларга катышып, кеңештерин берип келет.
Жаш оспурумдорго насвай жана таксикамания жонундо коп коп маалыматтарды массалык маалматтар аркылуу корсотсонуздор эн жакшы болмок
Кудайга шугур ден-соолугум учун тамекини таштадым,3- ай болоюн деп калды. Буга аябай суйунуп турамын Жана Уй булом да колдоо корсотуп жардамдарын аяшкан жок.
гепатит жайылып кетиптир тиш тазалаткан жерден ошону сурап атам жуктуруп албайын деп. башкаларга дагы сунуштайм тиш тазалатарда сурап койгула инструменттерин таза элеби деп.
Менин кайним тамекинин зыяндуулугун, алкоголдун зыяндуу экенин билип таштады туура тамактанууга аракет жасап жатат.
Мен озумдун ден соолугума кам коруу максатында физикалык активдуулук менен алектенип жатам.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation