Мамлекеттик фармацевтикалык завод дары чыгарууда

Мамлекеттик фармацевтикалык завод дары чыгарууда

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-январда «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводуна барып төмөнкү дары-дармектердин чыгарылып жатканы тууралуу маалымдады. • парацетамол (суспензия жана таблетка түрүндө); • ибупрофен (суспензия түрүндө); • ацетилсалицил кислотасы (таблеткалар); • ацикловир (таблеткалар). Заводдон күнүнө көрсөтүлгөн дарылардын ар биринен 10 000 кутуга чейин чыгарылат. Учурда фармацевтикалык завод мамлекеттик ооруканаларды жана «Эл Аман» дарыкана тармагына этил спиртин жеткире баштады. Дары-дармектер «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилет жана «Эл Аман» дарыкана тармагында жеткиликтүү болот. Дары-дармектердин баасы башка жергиликтүү өндүрүүчүлөргө салыштырмалуу кыйла арзан болору айтылды.

Points

Жакшы жанылык бар болгула

жарайсын министр, баягы чоптон дагы бир дары жасап чыксан сонун болмок да ))

Биовит дагы бизден чыгат болуш керек бирок бул мамлекеттик болгону жакшы экен частныйлардын мекени болуп бутмой болдук чынында

кунуно канча дары чыгарылып жатканын ойлосон ошончо дарыны биз жеп жатабыз да деген ой келет экен. ушуларды жегенден кудай сактасын

Ушул дарыларды врачтан сурабай эле алып ичип журо беребиз го откондо бир врачка кантип дарыланышты жазып эле койгула да очередге куттуруп койбой десем ага уруксат берилбейт дейт го мыйзамда ошондой болбойбу?

Дарылар өзүбүздөн чыкса жакшы болот эле, баасы да арзан ата мекендик өндүрүш

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information