ВИЧ-инфекциясынын эпидемиясынын күч алып бара жаткандыгынга байланыштуу, ар жыл сайын 1-декабрда СПИДке каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү өткөрүлөт. 2024-жылдын 28-ноябрь күнү “АИВ: билим-сенин коопсуздугуң, дарылануу-сенин ден соолугуң” ураанын алдында Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун жыйындар залында Пресс конференция болуп өттү. Бул иш чарада азыркы учурда АИВ инфекциясынын эпидемиологиялык абалы, глобалдык стратегия 95-95-95 каскад дарылоо жана алдын алуу боюнча маалыматтар берилди. Жыйынга Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын дарыгерлери, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү ,Жалпы маалымат каражаттардын өкүлдөрү(ЭлТР, ОшТВ, УТРК, Ош жаңырыгы,Ош шамы, АКИПресс) катышышты.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation