Балдар кызамык оорусу: себеби эмнеде, кантип коргонуу керек?

Балдар кызамык оорусу: себеби эмнеде, кантип коргонуу керек?

Акыркы убакта кызамык оорусу өзгөчө балдар арасында көп катталууда. Көпчүлүк ооруларды эмдөө аркылуу алдын алууга боло турган заманбап дүйнөдө жашап жатканыбызга карабастан, кызамык оорусуна байланыштуу кырдаал көзөмөлдөн чыгып бараткандай. Эмне үчүн бул болуп жатат? Кимдир бирөө буга туш болдубу? Тажрыйбаңыз жана пикириңиз менен бөлүшүңүз: балдарды кызамыктан кантип натыйжалуу коргоо керек?

Points

Биздин мектептеги кээ бир балдар эмдөөдөн баш тартышкан ошолорго эмдөөнүн зарылдыгын жеткириш керек

менин кичинекей кызым дагы ооруп айыкты бирок женил эле болду

Бай, ошол кичине кызыңыз эмдөөдөн өткөнбү?

Жок откон эмес

Кызыңыз эмне себептен эмдөөдөн өтпөй калды эле?

Алгандар деле ооруп атышты го

Менин оюмча, вакциналарга ишенбей коптор албай коюп жатышат, азыр интернеттен туурабы туура эмеспи бир нерселерди угуп алып анализ кылбай жатышат, бирок балдардын ден соолугуна коркунуч келтиргенден коро, эмдетип койгон жакшы.

апасы жумуштан бошобой алып барбаптыр. азыркы аялдардын баары эле иштейт да, мурда союз учурунда уйундо бала карачу, азыр балдар ата энелердин карабай калгандыгынан эле коп оорушат экен садикке барганда дагы бардык балдар ооруп атпайбы

катуу ооругандарды кордук, балдар аябай кыйналат экен чынында. бул эмне деген оору озу жакшы жери женил ооруп отуп кетсе кайталанбайт экен ошол жагы жакшы экен

менин бир балам алып бир балам албай калып ушундай эле журобуз кудай сактасын кайсынысын алдык билбейм деле азыр вакцинаны турлору эле коп го улам кобойуп баратат. кийин нандай эле жеп калабызбы билбейм

Кызамык менен ооруп кайра айыгып кетип жаткандарды эле коруп журдум эле, вспышка болгондо катуу кыйналгандарды коруп чын эле оор экен деп койдум.

Биз туш болдук, ким кандай ойлосо озу билет башкаларга акыл уйрото албайм анткени ар кимдин организми ар башка да ошол учун башкаларга мындай кыл деп айтпайм бирок бизде эл катары оорудук эл катары айыгып кеттик вакцина алган эмеспиз бирок катуу кыйналгандар деле болду аларды дагы кордум кыскасы чындап башым катты унчукпай ала берсек барып барып жалан вакцина менен жашап калабызбы деп корком анткени келечекте дагы адамдар жашаш керек да вакцина менен гана жашоо бул кинодо гана коробуз а жашоодо

Эмнеси болсо дагы абайлагылачы деги, бул оорулар бир эле жолу жайылып кетет экен болду. анан баары кыйрап жатып калат экен. Вакцина алыш керек деп ойлойм, менин туугандарымдын арасында дагы албай калгандар бар бирок кызыгы ошолордуку ооруган жок бирок кээ бироолору женил ооруду тескерисинче, вакцина алгандар дагы ооруду аларды дагы кордук. ошентсе дагы баарыбыз алып коюшубуз керек деп ойлойм.

оорубаса деле алдын алуу деп вакцина ала берип организмдин баары ууланып бутту го элдер, азыр эмне учун вакцина коп бирок оорулар коп?

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information