Миграция жана АИВ-инфекциясынын коркунучу

Миграция жана АИВ-инфекциясынын коркунучу

Өлкөлөр арасында же өлкө ичинде миграцияда жүргөн адамдар АИВге алсыз болушу мүмкүн. Бул социалдык статустун өзгөрүшүнө, медициналык жардам алуудагы кыйынчылыктарга, коопсуз сексуалдык практика жөнүндө маалыматтын жоктугуна байланыштуу болушу мүмкүн. АИВ-инфекциясы –адамдын иммундук жетишсиздик вирусунан келип чыккан оору. Ал, организмдин ооруларга каршы коргоп турган иммундук системасын жок кылат. АИВ-инфекциясы — бул дарыдармектерди үзгүлтүксүз колдонбосо, өлүмгө алып келе турган олуттуу оору. Дарыланбаса, бир нече жылдан кийин АИВ-инфекциясы АИЖСге айланат — адамдын иммундук жетишсиздигинин синдрому, дени сак адам оңой көтөрө турган ооруларды организм көтөрө албайт калат. АИВ КАНТИП ЖУГУШУ МҮМКҮН? Презервативсиз жыныстык катнаш учурунда (өнөктөштүн үй-бүлөлүк абалы жынысы, улуту, маанилүү эмес) АИВ-инфекциясы бар адамдын каны башка адамдын организмине киргенде, мисалы, стерилденбеген инструменттер менен инъекцияларды (ийне) киргизүүдө, же баңги каражаттарын колдонууда. АИВ инфекциясы бар аялдан балага кош бойлуу кезинде, төрөт же эмчек эмизүү учурунда. АИВ КАНДАЙ УЧУРДА ЖУКПАЙТ? Кол алышып, кучакташып, өбүшкөн учурда Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө Идиш-аяк, сүлгү жана шейшептерди бөлүшүп колдонгодо Даараткана, мончого барганда Спорт менен чогуу машыгууда Курт-кумурскалардын чакканы аркылуу жана жаныбарлар тиштегенде. АИВДЕН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК? Кайсы өнөктөш менен болсо да, жыныстык катнаш учурунда ар дайым презервативди колдонуңуз. Инъекцияларды медициналык мекемелерде гана жасоо, стерилдүү аспаптарды колдонуу Башка адамдардын каны менен байланышуудан алыс болуңуз Башкалардын устараларын, тиш щеткаларын жана башка гигиеналык каражаттарды колдонбоңуз жана өзүңүздүкүн бербеңиз. Миграциядагы адамдын жашоо образы өзгөрүлөт, бул АИВ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучун жогорулатат, андыктан өз ден соолугуңузга кам көрүү маанилүү!

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information