Суроо: Мурда тамеки тартып журуп таштап койгондордун өпкөсү биротоло тазарабы же калдыктары өмүр бою зыянын тийгизе береби? Адистен жооп: Эгерде тамекини таштасаныз, ► 8 сааттан кийин –никотиндин жана истүү газдын деңгээли канда жарымына чейин төмөндөйт, кычкылтектин деңгээли нормага чейин көтөрүлөт; ► 24 сааттан кийин – истүү газ организмден толугу менен чыгарылат. Чукул миокард инфарктынын тобокелдиги кыйла азаят; ► 48 сааттан кийин – организмде никотин калбайт; ► 2-12 жумадан кийин –кандын циркуляциясы жакшырат; ► 3-9 айдан кийин –өпкөнүн функционалдык резервдери 30%га көбөйөт; ► 1 жылдан кийин – миокард инфарктынын тобокелдиги 50%га төмөндөйт; ► 15 жылдан кийин– миокард инфарктынын тобокелдиги тамеки тартпаган адамга теңелет. Демек тамеки тартуудан баш тарткан адамдын өпкөсү акырындык менен тазарат жана өпкөнүн функционалдык резерви дагы нормага келип баштайт. Ошондуктан тамеки тартууну канчалык эрте токтоткон болсо ошончолук жакшы болорун эскертебиз. Ден соолук, сизге тапшырылган аманат! Ден соолукта болуңуз. Тамекини таштоо боюнча кенешти акысыз жардам багытына 2103 кыска телефон номери (Мегаком, О! жана Билайн) аркылуу чалып консультация алсаныз болот, же маалыматты https://help.kg/kg/smoking_kg/ табасыз
Маанилуу калк учун
Эн жакшы маалымат Эл учун
Бул кенеш маанилуу экен
Тамекинин зыяны чеккен адамдан жанындагы адамга ис газы өтө зыяндуу болобу?
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation