Боюнда барлар газдалган суусундуктарды коп ичсе балага зыян келбейби? мисалы шоронун чалаптарын, жон эле газдалган суусундуктар, пепси сыяктуулар.
- Пепси, кола, фанта, чалап сыяктуу газдалган таттуу же туздуу суусундуктарды ичүү кош бойлуу аялдарга жана алардын төрөлө элек балдарына зыян келтириши мүмкүн. Курамына токтолсок кофеин болот, ал түйүлдүккө зыянын тийгизет, канттын көп болуусу дагы бир нече факторлор аркылуу төрөттү оорлотуп коюшу ыктымал, ошондой эле газдалган суусундуктардын курамында түйүлдүктүн туура өнүгүүсү үчүн керектелүүчү заттар болбойт. Кененирек сиз үчүн атайы пост чыгарылды. https://saksalamat.info/post/1402
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation