мурда тамеки тартып журуп таштап койгондордун опкосу биротоло тазарабы же калдыктары омур бою зыянын тийгизе береби?
Тамекини таштоо боюнча кенешти акысыз жардам багытына 2103 кыска телефон номери (Мегаком, О! жана Билайн) аркылуу чалып консультация алсаныз болот, же маалыматты https://help.kg/kg/smoking_kg/ табасыз
Саламатсызбы, жакшы суроо бердиңиз, эгерде тамекини таштасаныз, ► 8 сааттан кийин –никотиндин жана истүү газдын деңгээли канда жарымына чейин төмөндөйт, кычкылтектин деңгээли нормага чейин көтөрүлөт; ► 24 сааттан кийин – истүү газ организмден толугу менен чыгарылат. Чукул миокард инфарктынын тобокелдиги кыйла азаят; ► 48 сааттан кийин – организмде никотин калбайт; ► 2-12 жумадан кийин –кандын циркуляциясы жакшырат; ► 3-9 айдан кийин –өпкөнүн функционалдык резервдери 30%га көбөйөт;
► 1 жылдан кийин – миокард инфарктынын тобокелдиги 50%га төмөндөйт; ► 15 жылдан кийин– миокард инфарктынын тобокелдиги тамеки тартпаган адамга теңелет. Демек тамеки тартуудан баш тарткан адамдын өпкөсү акырындык менен тазарат жана өпкөнүн функционалдык резерви дагы нормага келип баштайт. Ошондуктан тамеки тартууну канчалык эрте токтоткон болсо ошончолук жакшы болорун эскертебиз. Ден соолукта болуңуз.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation