АТА ЭНЕЛЕР ҮЧҮН 8 НАСААТ

АТА ЭНЕЛЕР ҮЧҮН 8 НАСААТ

Ата-энелер үчүн 8 насаат 1. Силердин балаңар өзүңөрдөй же силер каалагандай болот деп күтпөгүлө. Ага ал кандай болсо ошондой болуусуна жардам бер. 2. Бала бизге гана таандык деп ойлобогула, ал силердин менчигиңер эмес. 3. Балаңар үчүн жасаган нерсеге андан акы талап кылбагыла. Силер ага өмүр бердиңер, ал силерге кантип ыраазычылык билдирмек эле? Ал башкага өмүр берет, кийинкиси болсо үчүнчүсүнө өмүр берет: бул ыраазчылыктын кайта ордуна келбей турган мыйзамы. 4. Карыган кезде ачуу нан жеп калбаш үчүн баладан өзүңөрдүн таарынычыңарды чыгарбагыла, болбосо эмне сепсең ошол өнүп чыгат. 5. Баланы эч убакта басынтпагыла! 6. Эсиңерде болсун – бала үчүн бардыгы жасалбаган болсо, жетишерлик жасалган жок. 7. Башка бирөөнүн баласын жакшы көрө билгиле. Чоочун балага силердин балаңарга башкалар жасашын каалабаган нерсени эч убакта жасабагыла. 8. Балаңар кандай болсо дагы: мейли таланты жок, жолу жок, чоңойгон болсо дагы сүйгүлө. Аны менен пикир алышканда кубангыла, анткени бала – азырынча силердин жаныңарда болуп жаткан майрам.

Points

Ата энелер учун эң жакшы тарбия сөздөр экен.Айылдын жашоочуларына кенен таркатабыз.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information