Сексуалдык зомбулук – бул адамды анын каалоосу жана эркинен тышкары сексуалдык мамилелерге мажбурлоо, ошондой эле сексуалдык мүнөздөгү кайсы гана болбосун аракеттер (анын ичинде мажбурлоого байланышпаган дагы). Зордуктоо (зомбулукту колдонуу же аларды колдоном деп коркутуу менен жасалган жыныстык мамилелер) – кош бойлуулук, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар, анын ичинде АИВ-инфекциясын жуктуруп алуунун себеби болушу мүмкүн болгон сексуалдык зомбулуктун эң акыркы даражасы. Мындай зомбулук терең психологиялык жаракаттын пайда болушуна, өзүн өзү баалоосунун төмөндөшүнө алып келиши жана жанын кыюуга аракет жасоонун себеби болушу мүмкүн. Сексуалдык зомбулук каалабаган кучактоо жана сылап-сыйпоо, анын ичинде башка адамдын жыныс органдарына кол тийгизүү же өзүнүн жыныс органдарын уятсыздык менен жылаңачтоо, порнография көрсөтүү, жылаңач адамды шыкаалап кароо, мисалы, чечинүүчү жайда кыздарды шыкаалоо, алар кыска юбка кийип жүрүшсө буттарын кармалоо же алардын уруксатысыз өбүү, бул өзгөчө жыныстык жетилүү мезгилинде көрүнөт. Сексуалдык зомбулукка ошондой эле кадыр-баркты басмырлоочу сөздөр жана сексуалдык мүнөздөгү жагымсыз талаптар – тийишүү, жагынуу жана асылуулар, ошондой эле мындай талаптарды четке каккан адамды кысымга алууга багытталган кайсы гана болбосун аракеттер кирет. Көпчүлүк учурларда сексуалдык мүнөздөгү сөздөр, талаптар, асылуулар жашы жетелектерди коркутат, басынтат жана өзүн өзү урматтоо сезимдерин төмөндөтөт, ошондой эле мектепти эрте эле таштап кетүүсүнө алып келиши мүмкүн. Мындай нерсе өзгөчө кыздарда жана гендердик жактан конформдуу эмес (дал келбөөчүлүк) эркек балдарда жана кыздарда көп кездешет. Акыркы кезде Кыргызстанда балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулуктун катталган учурларынын саны көбөйүп жатат. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук үй-бүлөдө, мектептен тышкары эле эмес, ошондой эле билим берүү мекемелеринде дагы болуп жатат. Көп учурда көпчүлүк адамдар кыздар кыска кийинет, өзүнө тартып турат, боёнушат, ошону менен зордукчуну/агрессорду өзүнө тартат деп айыптоо менен анын аракеттерин акташат. Бирок ким гана болбосун курмандык болушу мүмкүн, ошондуктан зомбулук көрүнүштөрүн актоого болбойт.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation