Психологиялык зомбулук өзүнө адамдын кадыр-баркын басмырлоого, тоготпоого, бөлүүгө, көзөмөлдөөгө же социалдык жактан обочолонтууга багытталган атайылаган вербалдык жана жүрүм-турум аракеттеринин жыйындысын камтыйт. Психологиялык зомбулук адамдын өзүн өзү баалоосуна жана өзүн өзү урматтоо сезимине доо кетирип, анын «эч кимге кереги жоктугуна», коомчулук тарабынан четке кагылгандыгына, анын инсандыгынын баркы жоктугуна ынандыруучу шылдыңдоо, ат коюу (ызалантуучу аттарды ыйгаруу), мазактоо, баарлашуудан баш тартуу, топко, оюнга, спорт менен алектенүүлөргө же башка иш-чараларга кошпой коюу, ошондой эле тилдөө, орой жана басынтуучу сөздөрдү айтуу, сөгүү аркылуу көрүнүшү мүмкүн. Мисалы: «Сен эч ким эмессиң жана сен өмүрүңдө киши болбойсуң!», «Сен кызсың да, ошон үчүн жүз метрге чуркай албайсың», «Сен эч нерсе кыла албайсың, сенин ата-энең миграцияда», «Полду өзүң жуу, сен кызсың да!», «Самтырак, дайыма айрылган, дайыма ыплас кийим менен жүрөсүң». Мындан тышкары улуураак жана физикалык жактан күчтүү адам тарабынан күч колдонуу, бийлигин ачык эле көрсөтүү, окуучуларды манипуляциялоо каалоосу жана аны коркутуу болуп саналат, анын үстүнө физикалык агрессия актылары психологиялык зомбулукка тыгыз чырмалышат. Физикалык жана психологиялык зомбулук көп учурда оозеки же жазуу жүзүндөгү коркутуулардан (анын ичинде электрондук почта, социалдык тармактарды колдонуу), физикалык кол салуу жана жүрөгүнүн үшүн алуу, курмандыкты баш ийдирүү, аны кандайдыр бир аракеттерди жасоого мажбурлоо максатындагы башка аракеттерден башталат. Коркутуу кордоочунун жана жабырлануучунун күчтөрүнүн реалдуу жана болжолдуу теңсиздигине негизделген. Эгерде кордоочу талаптагыдай сокку албаса, адатта ал кайра-кайра коркута берет – ал системалуу болуп калат.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation