МЕКТЕПТЕГИ ФИЗИКАЛЫК ЗОМБУЛУК

МЕКТЕПТЕГИ ФИЗИКАЛЫК ЗОМБУЛУК

Физикалык зомбулук – бул адамдын жанын кейитүү, ыңгайсыздык алып келүү, анын кадыр-баркын басынтуу максатында физикалык күч колдонуу менен жасалган аракеттер. Физикалык зомбулук катары каралуучу жүрүм-турумдун моделдеринин кеңири тармагы бар: кол, бут, кандайдыр бир буюмдар менен жасалган соккулар, сабоо, түртүү, тепкилөө, кежигеге коюп жиберүү, тиштөө, кулагын чоюу, кандайдыр бир ыңгайсыз же басынтуучу позада турууга мажбурлоо, муунтуу, чачын жулуу, силкилдетүү жана кандайдыр бир буюм же курал менен кол салуу. Физикалык зомбулук физикалык жана психологиялык жаракаттарга, жаракат алуунун же суициддин жыйынтыгында жабырлануучунун майып болуусуна же өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Мыйзамдагы тыюу салууларга карабастан, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлери кээде окуучулардын тартибин колдоо же жазалоо үчүн физикалык таасир этүү чараларын колдонушат. Көбүнчө алар шалп эттирип чаап жиберүү, кежигеге коюп жиберүү, колу же кандайдыр бир буюм менен соккуларды урууну колдонушат, бирок ошондой эле балдарды түртүп, бурчка тургузуп, аларды ыңгайсыз позада турууга мажбурлашы дагы мүмкүн. Мектептерде окуучулар бүлдүрүү же буюмдарын (кийим-кече, мектеп шаймандарын, жеке буюмдарын ж.б.) жана акчаларын зомбулук менен тартып алууга бет келген учурлары сейрек эмес. Көп учурда бул опузалоо – кысым көрсөтүү жана мажбурлоо, анын ичинде физикалык күч колдоном, кандайдыр бир маалыматтарды, ушак-айыңдарды таратам деп коркутуу менен акчаларды, буюмдарды бир жолу же мезгил-мезгили менен тартып алуу аркылуу көрүнөт. Мындай аракеттер жабырлануучуга материалдык эле эмес, ошондой эле физикалык жана адеп-ахлак жактан азап чегүүлөрдөн (жан кейитүү, коркуу, басынтуу) улам моралдык зыян дагы алып келет. УРМАТТУУ ОКУРМАН! Биздин коомдо мектептеги окуучуларга зомбулук кайсы тараптан көбүрөөк болот, жана аны токтотуу чаралары катары сиз кандай пикирдесиз, комментарийге бөлүшө кетиңиз.

Points

Мугалим болуп туруп, окуучулар өздөрүнүн арасында болот деп айтыш дагы оор экен, анткени аларды караган мугалим деп эле кайра мугалимге күнөөнү оодарганга өтүшөт, негизи балага мектептен эмес үйдөн тарбия беребиз да, ата энелер баласын монстр кылып мектепке жиберсе мектеп аны оңдоп жибермек беле, мектепке деп келип мектептин айланасынан тышкаркы жерлерде болот мындай окуялар. Ошого мен айтат элем мугалимдер и так эле карап турушуат балдарды, балдар дагы билет биздин карап турганыбызды.

буга ата энелер жакшы көңүл бурушу зарыл. анткени ата эне эмнени жактырбай эмнени улам жамандай берсе балдары деле ошону жаман көрүп чонойот да. Кызарган жерди жулуп алганды мактап жатса бала дагы ошону кылгысы келет. Мугалим андай мамиле кылганда окуучулар аны ээрчигиси келбейт ана эне менен орду башка. ошондуктан толугу менен ата энелер буга көп көңүл бурушу зарыл.

👍

👍

✋баары сонун эки жак тен жакшы караш керек ✌

Азыркы кезде окуучулардын укугу деп ызылдашып отуруп окуучулар мугалимдерди шалп эттире коюп атат го, анан кайдагы зомбулук!

Мектепте мугалимдер тарабынан зомбулук деген заман уже отту го дейм. бейбаш балдарды коруп эле журом биздин мектепте толтура мугалимдер тийгенден коркушат кайра кайра текшерип отуруп тажатышкан эми мугалимдер окуучулар талкалап атса дагы кормоксонго салган сыяктуу. бизге ушул керек беле озу?

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information