!

!

Ботулизм эмнеден жугат?

Points

Ботулизм — борбордук нерв системасын зыянга учуратуучу эң оор тамак токсикозу. Ооруну ботулизм таякчасы Clostridium botulinum козгойт. Ботулизмдин токсиндери абдан күчтүү келип, өзүнүн биологиялык активдүүлүгү боюнча баардык микробдордун токсиндеринен басымдуулук кылат. Анын адамды өлтүрө алуучу (летальная) дозасы 0,035 мгды түзөт. Ботулизм менен өзгөчө үй шартында санитардык номаларды сактабай, технологиялык талапка ылайыксыз коцервацияланган азыктарды колдонгон учурда жабыркашат.

Көбүнчө концервацияланган козу карын, жер жемиш (баклажан, бадыраң, помидор ж.б.), эт жана балык кооптуу келет. Ошондой эле ботулизм ышталган жана кургатылган балыкта, колбасада да пайда болуму мумкун. Ботулин бактериясы бар концервацияланган азыктарды өңү, жыты, даамы аркылуу айырмалоого мүмкүн эмес. Ботулизмди алдын алуу учун санитардык, технологиялык талаптарды сактоо менен заводдо концервацияланган азыктарды колдонуу керек.

Үй шартында концервацияланган азыктарды базардан, көчөдөн сатып албаңыздар! — ден соолукту чыңдоо борбору жана массалык комммуникация борборунун адиси Асель Акымбаева

👍

👍

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information