Бүгүнкү күндө сергек жашоо мүнөзү биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Физикалык активдүүлүк жана спорт баланын мүнөзүнүн калыптануусуна, анын тартиптүү болушуна, стресстик кырдаалдарга каршы тура билүүсүнө чоң таасирин тийгизет. Балдардагы спорт менен алектенүүгө болгон мотивацияны калыптандырууга жана колдоого ата-энелердин активдүү катышуусунун шарттарында гана мүмкүн болот. Активдүү үй-бүлөлүк эс алуу – бул үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн ыктыярдуу жана биргелешип катышуусун талап кылган, ошоной эле үй бүлөлүк баалуулуктарды сактоонун бирден бир ыкмасы болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө бүт үй-бүлө үчүн активдүү эс алуунун бир нече түрлөрүн уюштурсак болот. Мисалы: Жөө сейилдөө. Паркта бүт үй-бүлө менен сейилдөө маанайды эле көтөрбөстөн, жалпы абалды дагы жакшыртат. Мезгилдик спорт. Коньки жана лыжа тебүү – кышкысын эң сонун алектенүү, ал эми жайкысын велосипед жана дөңгөлөктүү коньки тебүүгө болот. Бассейн. Сууда сүзүү жайбаракаттанууга жана булчуңдардын тонусун сактоого жардам берет. Ошондой эле баланы маанилүү көндүмгө – сууда сабырдуулукту сактай билүүнү үйрөтүү маанилүү. Кемпинг. Кырдаалды алмаштыруу – бул дайыма жакшы. Бүт үй-бүлө менен бир нече күнгө жүрүшкө чыгуу эң сонун идея. Топтук кыймылдуу оюндар. Адатта ушул оюндардын максаты тимбилдинг болуп саналат, бул үй-бүлөдө достук чөйрөсүн түзүүгө жана оюндун ар бир катышуучусун өз алдынча инсан катары ачууга жардам берет. Активдүү эс алуунун бул түрлөрүн адатта ар бир курактагылар өз курбалдаштар арасында гана уюштуруп тим болушат, бул жерде атайы үй-бүлөлүк эс алуу катары, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен уюштурулганы эсеп. Кененирээк маалыматты шилтемеге кирип окусаңыз болот https://saksalamat.kg/kgz/ospurumdor_uchun_fa/
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation