!

!

Саламатсыздарбы. Коргошун жаш балдарга зыян деп угам, бирок ал кандай ооруларды пайда кылышы мүмкүн, кайсы органдарды жабыркатат жана кандай учурда. Мисалы бизде балдар чүкөлөрдү тешип, ага ээритип куюшат, кээ бирлери буттарына байлап чуркашат. Ошондо ээритип жатканда зыяндуубу же каткандан кийин колдонуу дагы зыянбы?

Points

Кыргызстанда бул боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөр жана атайы система азырынча жок болсо дагы “коргошундан уулануунун алдын алуу жана балдардын организминдеги коргошунду аныктоо” максатында атайы иш пландары каралууда.

Ал эми жаш балдарга болгон зыяндуулугу боюнча коркунучтуулугунун бирине токтолсок, жаш балдардын организми чоңдорго караганда коргошунду тез кабыл алат жана тез сиңирип алат. Анткени жаш балдардын организминдеги кальцийге болгон муктаждык кальцийдин ордуна коргошунду толуктай берет. Натыйжада жогоруда аталган органдар жабыркашы мүмкүн. Ошондуктан балдарды электрондук таштандылардан жана курамында коргошун кошулган буюм-тайымдардан оолак кармаганыбыз оң.

Коргошунду же коргошун кошулмасы менен жасалган буюмдарды колдонууда ошондой эле аны кандайдыр бир максатта ээритүү учурунда дагы организмге кириши мүмкүн. Ээритүүдө көзгө байкалбаган буулануу жүрөт, ушул учурда дем алуу жолдору, ичеги-карын аркылуу организмге кирип, булчуңдарга, мээге, боорго, бөйрөккө жана сөөктөргө чогулат. Кош бойлуулар үчүн кооптуу дегенибиздин себеби - сөөктөрдө топтолгон коргошун кан аркылуу түйүлдүккө зыян келтирет.

Саламатсызбы? Эң туура суроо бердиңиз. Негизинен коргошун уулуу метал болуп эсептелет. Айрыкча жаш балдар жана репродуктивдүү курактагы аялдар үчүн өтө кооптуу. Коргошун менен уулануу айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу балдар арасында эң кеңири тараган жана коркунучтуу оору. Анткени техниканын өнүгүшү менен көптөгөн буюм-тайымдардын, оюнчуктардын, электрондук техникалардын ал гана эмес курулуш материалдарында, ар түрдүү боектордо дагы коргошундун кошулмалары колдонулууда.

Сиз айтып жаткан чүкөгө коргошун коюп ойноону дагы чектегенибиз туура болот. Эгер балдар коргошун кармап жүргөнүн же коргошун аралашып жасалган буюмдарды алып жүргөнүн байкасаңыздар, колдорун тазалап жууп коюуну унутпаңыздар. Ар дайым тамактанар алдында дагы колдун таза жуулушу кажет. Мындан тышкары идиш аяктарга дагы көңүл буруп, эгерде материалынын курамында коргошуну бар идиштер болсо аларды уулуу эмес кошулмалардан жасалган идиштерге алмаштыруу керек.

Коргошун менен уулануунун алдын алуу үчүн санитардык нормаларды сактаңыздар, бөлмөлөрдөгү чаңдардан нымдуу тазалоо жасап туруңуздар. Маалымат үчүн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө ар бир 3-баланын канында коргошундун неврологиялык ооруларга алып келүүчү өлчөмү сакталган деп жазылган.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information