Балаңызды сактаңыз- Кызамыктан.

Балаңызды сактаңыз- Кызамыктан.

6- февраль Ноокат ҮМБнун Ноокат Чыгыш тарабын тейлеген ДЧК адистери тарабынан Көк-Бел 3, Жар- Коргон айылынын АДК жетекчилерине, айыл тургундарына "Кызамык" оорусунун алдын алуу боюнча семинар сабак өтүлдү. Семинардан кийин семинарга катышкан эркетерди ФАП Актилекте жана #-27 ҮДТда иштеген медкызматкерлер ЖЭО (жугуштуу эмес оорулардын) алдын алуу жана эффективдүү башкаруу долбоорунун алкагында 18 жаштан жогорку эркектердин ден соолугуна кам көрүү максатында "Жооптуу бол" акциясы жүрүп жаткандыктан эркек кишилерди медициналык кароодон өткөрүштү. Урматтуу Ноокат районунда жашаган 18 жаштан жогорку ар бир эркек кишилер сиздерди “Жооптуу бол” акциясына активдүү катышууга чакырып кетебиз. Өзүңүздөрдүн ден соолугуңуздар өзүңүздөрдүн колуңуздарда!!! Жакынкы ҮДТ/ФАПтарга келип текшерилип кетиңиздер!!!

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information