Витилиго жакын адамдарга жугушу мумкунбу? бул эмнеден пайда болот?
Саламатсызбы? Бул биринчиден жугуштуу эмес оорулардын катарына кирет, эгерде жакын адамдарда бар болгон болсо чочулабай эле койсоңуз болот, ошондой эле ал адамдан обочолонуунун дагы кажети жок. Оорунун пайда болушу боюнча Адамдын иреңин көрсөтүп турган терисинин түсүн камсыздап туруучу меланоцит клеткалары болот, ошол клеткалардын функциясынын бузулушунан пайда болот деп белгиленет. Бирок бул божомол болуп эсептелет. Анткени бүгүнкү күндө бул оорунун келип чыгышы 100% аныктала элек.
Кандай болгон күндө дагы бул оору өмүргө коркунуч туудурбайт, ден соолукка дагы түзмө-түз терс таасирин тийгибизбейт. Бирок витилиго менен жабыркаган адам сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылуусу керек.
витилиго тукум кууйбу?
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation