!

!

Ассаламу алейкум. азыркы учурда грипп тамактан катуу кармап жатат, ангина болуп ооруп жатышат коптор, ошол ооруп жаткандар ичкен идиштен мисалы пиаладан кайра соо адам ичсе жугабы же грипптен кийинки тамак оорулар жугуштуу болбойбу?

Points

Саламатсызбы, ооба курч кармаган вирустук инфекция (ОРВИ) жана грипп оорулары менен ооруп жаткан адамдардын идиш-аягын, жеке гигиеналык каражаттарын озунчо болуп коюу керек, анткени бул оорулар бир гана аба аркылуу эмес, оорулу киши менен тыгыз байланыш учурунда, жеке гигиенаны сактабаганда дагы жугушу мүмкүн.

Ал эми ангина оорусу менен ооругандар дагы ушул эле эрежелерди сактоосу керек, анткени ангинаны дагы стрептококк, стафилококк, пневмококк, грипп, ОРВИ вирустары дагы чакырат. Ошондуктан азыркы учурда үйдө оорулу киши болсо үйдү тез-тезден желдетип, нымдуу тазалоо жүргүзүп, туура тамактанып жана жеке гигиенаны сактап жүрүү зарыл. - Асель Акымбаева.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information