Саламатсыздарбы Мен Кайырбек Коңурбаев 75 жаш . 2008 жылы абцесс болуп өпкөмдүн оң үстү жагын операция кылдыргамын. Көп жыл чаңдуу жерде иштегемин. 2017-жылдан бери дем алуу кыйындап келе жатат. ХОБЛ. Легочное недостаточность. Легочное артериалное гипертензия. 2018 жылы улуттук госпиталдан консултациядан өткөмүн. Селденафил амокциклав. атровент , амбросан ичип жүрүңүз деген. азыр селденафил ичип жүрөмүн 100 мг 2 жолу, атровент анда санда. кардиомагнил 2таблетка по 100 мг. дагы кандай кеңеш бере аласыздар . алдына ала ырахматымды айтып Кайырбек атаңар. Мен жөнүндө билгиңиздер келсе фейсбуктаамын Коңурбаев Кайырбек тарых изилдөочү Кочкор району Кум дөбө айылы Алиев 91 konyrbaev48@mail.ru
Урматтуу Кайырбек ага, биринчиден сиз жыл сайын текшерүүдөн өтүп турушуңуз керек; эң эле аз дегенде жөнөкөй көкүрөк рентгени, тышкы дем алуу функциясын текшерүү (ФВД), эхокардиограмма (ЭХОКГ) жана кандын жалпы анализин тапшырып туруу керек. Сизди дарылап жаткан дарыгер алынган натыйжалардын негизинде гана дары жазып, ошондой эле дарылоо курсун белгилеп бериши мүмкүн.
Мындан тышкары атровент негизги препарат болуп саналат, ошондуктан аны менен бир суткада 4 жолу дем алып турушуңуз кажет, айрымдар аны приступ учурунда гана колдонуп коюшат, бул туура эмес, ошондуктан дарыгер менен такташып аны күн сайын колдонуп турганыңыз оң.
Экинчиден, жашаган жериңиз боюнча үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө болуңуз, зарыл болгон учурда сиздин дарыгериңиз дары-дармектердин, анын ичинде селденафилдин, атровенттин дозасын көбөйтүү же азайтуу керектигин айтат. Ошондой эле атровент менен кантип туура дем алуу керектигин билгениңиз маанилүү (эгерде буга чейин кандай колдонууга анчейин көңүл бөлбөгөн болсоңуз анда дарыгерден кантип туура дем алуу керектигин тактап алышыңыз керек болот, дарыгер аны толук үйрөтүп бериши керек).
Сизге берер кеңешибиз кайрадан Улуттук госпиталга барып текшерүүдөн өтүп, алынган жыйынтыктардын негизинде дарылануунун шарттарын тууралап алганыңыз жакшы (ал жерде пульмонология бөлүмү бар). Сизге күч кубат жана чың ден соолук каалайбыз. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгер адиси, медицина илимдеринин кандидаты Калиева Анара Жумабековна.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation