Алкогол ичимдиктерин ченеми менен ичип турса жакшы, канды суюлтат деп айрым дарыгерлер айтышат бирок айрым дарыгерлер ага каршы пикирде ошондо ичип турган туурабы же такыр ичпеш керекпи?
Саламатсызбы? Кайрылганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Алкоголдук ичимдиктердин эч бир түрүндө канды суюлтуучу эффект болбойт. Тескерисинче канды коюулантып, бардык организмге тарайт, ошондой эле ички органдардын бардыгына кан аркылуу жетип бардыгын ууландырат жана жарактан чыгаруу коркунучун жаратат. Эл арасындагы "канды суюлтат" деген жаңылыш түшүнүктөргө каршы пикирде болууга чакырабыз. Ден соолугуңуз чың жана саламатта болуңуз.
Бул жанылыш пикир.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation