!

!

Мен тункусун иштеп кундуз эс алам, максимум канча жыл ушинтип иштесем болот, зыяны тийбейби? негизи мындан оорубайм деле бирок кийин организмге бир нерсе жетишпей калып кыйналамбы деп ойлойм.

Points

Саламатсызбы? Негизинен түнкүсүн иштеп, күндүзү эс алуу канчалык бир денгээлде эс алуу режимине шайкеш келбейт жана күндүзгү эс алуу организмге түнкүсүн эс алгандай эффект бере албайт. Анткени күндүн батышы менен адамда "уйку гормону" аталган мелатонин гормону бөлүнүп чыгып, ал организмди уйку процессинде толук камдуу эс алдырат.

Эгерде күндүзү уктап түнкүсүн иштеп жатсаңыз анда сизде ушул эффективдүү эс алуу болбой жатат деп билиңиз, ал күнүмдүк турмуш-тиричиликте анчейин байкалбаса дагы канчалык бир денгээлде организмдин алсырашына таасир бериши ыктымал. Ошондуктан түнкүсүн иштөөгө туура келсе дагы канча бир мөөнөттөн кийин убактылуу болсо дагы уйку режимин түнкүгө тууралап турууну сунуштайбыз. Кайрылганыңызга рахмат, ден соолукта болуңуз!

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information