Көп убакытка чейин ичкилик ичип жүргөн адамды дарылатуу жолу менен ичкилигин токтотуп койгон учурда кайра ичип алса каза болуп калат деп айтышат, ошол маалымат чынбы? Эгер чын болсо ал кандайча болуп калат ошону билгим келет эле.
Бул жерде өнөкөт оорусу бар болгон болсо ошого жараша дагы түрдүү оорулардын козголушу мүмкүн. Ошондуктан алдын ала дарыланган пациенттин белгиленген мөөнөттө кайталап алкоголь колдонуусунун жыйынтыгын өлүмгө алып келет деп айтууга болбойт. Ошентсе дагы организмге өтө кооптуу болгондуктан өлүм менен аяктаган фактылар жок эмес.
Саламатсызбы, бул сиз айтып жаткан учур өтө кылдат мамилени талап кылган, көп факторлуу суроо. Эгерде сиз алкогольго болгон каалоону жоготуу терапиясы тууралуу сурап жаткан болсоңуз, пациент наркологго кайрылып, канча мөөнөткө пландоону сүйлөшөт жана келишим түзөт. Мисалы 3 ай, 6 ай же бир жылга пландалышы ыктымал. Эгерде пациент белгиленген мөөнөт аралыгында кайрадан алкоголь ичимдиктерин колдонсо пациенттин организмине жана абалына жараша ар түрдүү реакциялар болушу ыктымал.
Эгерде сиз канча бир убактыка чейин улантып ичип жаткан адамды дарылоо курсу жөнүндө айтып жаткан болсоңуз анда ал жерде кадимки физиологиялык растворлор жана витаминдер менен дарыланат, бул жерде мындай коркунучтуу таасирлерди, учурларды сөз кылуунун кажети жок. Анткени ууланган организмди тазалоодо же калыбына келтирүүдө колдонулган препараттардан эч кандай терс таасирлер болбойт.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation