15.09.21 / №121-мыйзамдын 13-беренеси (Тамеки түтүнү боюнча)

15.09.21 / №121-мыйзамдын 13-беренеси (Тамеки түтүнү боюнча)

13-берене. Тамеки заттарынан, айланадагы тамеки түтүнүсүз жана аэрозолсуз, анын ичинде ысытылуучу тамеки буюмдарынан жана НЖЭС заттардан бөлүнүп чыккан заттарсыз таза абага болгон жарандардын укугу 1. Адамдардын ден соолугуна айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун жана анын ичинде ысытылуучу тамеки буюмдарынан жана НЖЭС заттардан (анын ичинде электрондук сигареталардан), анын ичинде электрондук сигареталардан бөлүнүп чыккан заттардын тийгизген таасирин четтетүү үчүн тамекини жана никотинди чегүүгө, анын ичинде суу түтүктөрүн (кальянды), тамекини ысытуу үчүн системаларды жана башка тамеки буюмдарын пайдалануу менен чегүүгө, ошондой эле НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) пайдаланууга толук тыюу салынат: 1) төмөнкү жерлерде: а) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, подъезддерде, лифттерде, тепкич аянтчаларда жаиа аянттарда, дааратканаларда, анын ичинде көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында, коммуналдык квартиралардын көмөкчү жана кошумча жайларында; б) жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелердин, органдардын, социалдык кызматтардын имараттарында жана жайларында, стадиондордун аймактарында; в) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан темир жол бекеттеринин, автобекеттердин имараттарында жана жайларында; г) калк үчүн кызматтар көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда, жайларда, анын ичинде турак жайларда, мейманканаларда, тиричилик тейлөө жана (же) коомдук тамактануу убактылуу жашап турууну камсыздоо, коомдук тамактануу боюнча жайларда жана убактылуу тургузулган соода объектилеринде; д) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда; 2) имараттарда, курулмаларда жана жайларда уюштурулган жумуш орундарында жана жумушчу зоналарда; 3) өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде автомай куюучу станцияларда; 4) жайларда жайгашкан коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрүндө); 5) коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба транспортунун кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде; 6) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын, балдардын эс алуу уюмдарынын аймагында жана мекемелеринде, балдар үчүн аянтчаларында; 7) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарында; 8) калыбына келтирүү жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган имараттарда жана жайларда; 9) калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда, жайларда, жабык базарлардын аймактарында; 10) коомдук транспорттун аялдамаларында; 11) тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо, маданий-массалык, спорттук иш-чараларды, чогулуштарды, акцияларды өткөрүү мезгилинде ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде. 2. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өз ишин жүргүзүүчү аймактарда, имараттарда, курулмаларда жана жайларда ушул берененин талаптарынын аткарылышына контроль жүргүзүүгө милдеттүү. 3. Тамеки жана никотин камтыган заттарды керектөөгө тыюу салынган аймактарды, имараттарды жана объекттерди белгилөө үчүн тиешелүү түрдө тамеки тартууга (керектөөгө) тыюу салуу жөнүндө белги коюлуп, аны жайгаштыруу талабы жана тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. 4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерде күл түшүргүчтөрдү жайгаштырууга жана тамеки чегүү үчүн башка шарттарды түзүүгө тыюу салынат. 5. Ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин формасына карабастан аэропорттордун жетекчилери аэропорттордо жана учуу алдындагы текшерүүдөн өткөндөн кийин учууга катталган жүргүнчүлөргө арналган зоналарда жана транзиттик жүргүнчүлөр үчүн арналган зоналарда өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактоо менен желдетүү системалары менен жабдылган, атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдү уюштура алышат.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information