Балыкчы шаарында "Дени сак шаарлар" программасынын алкагында тегерек стол болуп өттү. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан уюштурулган жыйналышка Балыкчы шаарынын мэриясынын жана муниципиалдык кызматтарынын, ошондой эле башка министрлик-ведомстволордун өкүлдөрү катышты. "Дени сак шаарлар" программасы - бул уникалдуу платформа. Ал калаанын жашоочуларынын ден соолугу жана бакубаттуулугу үчүн биргелешип иштөөгө багытталган. Тагыраак айтканда: - кызыктар тараптардын башын бириктирүү; - инновацияларды жана өзгөрүүлөрдү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу; - шаардан шаарга карай бирдиктүү тажрыйба алмашуу үчүн аталган платформаны колдонуу; - коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринде чечүү жолдорун табуу болуп саналат. "Келечекте ар бир шаар жашоонун саясий, маданий жана экономикалык борбору болуп, жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган инновацияларды жана секторлор аралык демилгелерди илгерилетет", - деген ишеним тегерек столдо айтылды. Бул программанын негизинде тегерек столдун катышуучулары менен шаарды өнүктүрүү боюнча бир топ көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Эн сонун иш-чара.
Бизге эң керектүү маалымат берилди
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation