Менингиттин себептери жана белгилери • Менингит - өлүмгө дуушар кылуучу оор жугуштуу оору, ошондой эле узак мөөнөттүү оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. • Менингит бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң олуттуу ден-соолук көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. • Менингитке көптөгөн микроорганизмдер, анын ичинде бактериялар, вирустар, козу карындар жана мителер себепкер болушу мүмкүн. • Бактериялык менингит өзгөчө тынчсыздандырган түрү болуп эсептелет. Болжол менен ар бир он адамдын бири менингиттин бул түрүнөн каза болот, ал эми ар бир бешинчи адам оор татаалдашууларга кабылат. • Менингит менен бардык курактагы адамдар жабыркайт, бирок эң коркунучтуусу жаш балдарда кездешкендиги. • Жаңы төрөлгөн ымыркайларда В тобундагы стрептококкту ал эми жаш балдарда менингококк, пневмококк жана гемофильдик таякчаларды жугузуп алуу коркунучу бар. Өспүрүмдөр жана жаштар менингококк оорусуна көбүрөөк чалдыгышат, ал эми улгайган адамдар пневмококк оорусуна көбүрөөк туш болушат. Менингит кандай учурда жугуп калышы мүмкүн? • Менингит оорулуу адамдан гана эмес, инфекция алып жүрүүчү менен дагы узак убакытта чогу болууда, чүчкүрүү же жөтөлүү жана өбүшүү сыяктуу тыгыз байланышта жугат. • Оору жуккан адам менен жакын жерде болууда, мисалы, жалпы уктоочу бөлмөдө же идиш-аяктарды чогу колдонууда жугат. Инкубациялык мезгил канчага созулат? • Козгогучтарга жараша инкубациялык мезгил ар кандай болушу мүмкүн жана бактериалык менингитте 2 күндөн 10 күнгө чейин созулат. • Чоңдордогу менингиттин белгилери: • баштын катуу оорушу • моюн булчуңунун катуусу же моюндун оорушу •дене табынын жогорулашы • фотофобия - жакрыктан көздүн «уялышы» (Адатта карангыдан жарыкка чыккан адамда бир аз убакытта жарыктан көздүн уялышы байкалат, бирок ал аз убакыттын ичинде адаптация болуп, жарыкка көнүп калат, эгерде бул процесс узак убакытка созулуп туруп алса анда шектүү белги катары кабыл алынат). • жөөлүү, уйкучулук, кома • калтыроо • денеде бүртүкчөлөрдүн пайда болушу • муундардын оорушу • Кол, буттардын муздашы • кусуу Ымыркайлардагы менингиттин белгилери •Табиттин жоголушу •шалдыроо, уйкучулук, кома •кыжырдануу, кыймылдатканда ыйлоо •дем алуусунун начарлашы, коңурук тартуу •дене табынын жогорулашы •моюн булчуңунун катышы •эмгегинин ылдыйлап (чөгүп) кетиши •мүнөзүнүн бузулушу, кыйкырып чырланышы •калтыроо •кусуу •денесинде бүдүрлөрдүн пайда болушу •терисинин кубарышы же тактардын пайда болушу Менингиттин татаалдашы жана кесепеттери •угуунун жоготуусу (убактылуу же толук); •эпилепсия; •кандын уюшу менен көйгөйлөр; •ириңдүү типтеги артрит; •эндокардит (жүрөк клапанынын сезгениши); •акыл-эс жөндөмүнүн начарлашы; •көрүүнүн же сүйлөөнүн бузулушу; •жана өлүмгө алып келиши мүмкүн. Менингит оорусу көп учурда өлүм менен коштолгон, узакка созулуп көптөгөн татаалдашууларга алып келүүчү олуттуу оору. Өзгөчө тынчсыздандырган түрү бул бактериялык менингит. Болжол менен ар бир он адамдын бири менингиттин бул түрүнөн каза болот, ал эми ар бир бешинчи адам оор татаалдашууларга туш болот. Алдын алуу: - Алгачкы белгилери пайда болгондо дарыгерге кайрылуу; - Эл көп чогулган жерлерге барууну чектөө (маданий иш-чаралар, соода жана оюн-зоок борборлору, балдар аянтчалары); - Бейтап менен жакын байланышка барбоо, беткаптарды колдонуу. - жеке гигиенаны сактоо, колду жакшылап жууп туруу. - менингиттин өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн болгон ооз, кулак жана мурун көңдөйүнүн курч жана өнөкөт жугуштуу ооруларын өз убагында дарылоо. - Активдүү кыймыл аракет, денени чыңдоо жана спорт. - оорунун симптомдору пайда болсо, эч кандай өз алдынча дарылануу деген болбошу керек, мүмкүн болушунча тезирээк дарыгерге кайрылуу кажет, анткени оорунун өтө тездик менен оорлошуп кетүүчү формалары бар, алар олуттуу татаалдашууларга алып келет.
Кудай сактасын бирок ооруп калган адам кайра толук айыгабы же омур бою жугуштуу болуп жашап калабы?
эгер убагында дарыланбай калып бирок айгып кеткен случайлар болобу анткени ушундай белгилер байкалып башым ооруп тошокто башымды которо албай жатып калгам козумду ачкан дагы аябай кыйын болуп калган бирок кийин айыгып кеткем азыр башым бир аз суука урунуп калса эле ооруй берет бул ошого байланыштуу эмеспи бул оорунун ушундай байкалбай жашай берген слабый турлору болобу?
жакшы ушундай кыргызча маалыматтар коп коп чыгарып турса
обушпой учурашкандар жок го дейм азыркы кезде кокус бир тарап кетсе кудай сактасын ковиддей эле болот экен да значит
Менингитке ковиддин таасири тийиши мумкунбу?
Саламатсызбы, эгер ковид-19 таталдашып кетсе ал менингитке да себепкер болушу мумкун, ошондуктан ковид-19ду алдын алууда эмдоо эн манилуу
Менингит оорусунан кийин адам толугу менен айыгышы мумкун эгер ал оз убагында эрте дарыгерге кайрылып, оору оор абалга откуп кетпесе. Ал эми бул оору таталдашып кетсе ар кандай оор кесепеттер(олумго чейин) болушу мумкун
гайморит деген айыкпайт экен, кээде аябай коп убакытка созулуп ооруган кундор болот, эгер ушул коп кайталана берсе менингит болуп кетеби деп корком. урматтуу дарыгерлер, эмне кылышым керек жакшы кенеш берип койгулачы . же гайморитти биротоло дарылап кетирсем дагы болобу ушул эки суроомо жооп берип койгулачы
Гайморит бул сиздин онокот оорунуз,бул оору онокот болгондуктан таптакыр кетирууго болбойт, бирок сиз дарыгердердин кенешин туура аткарсаныз оорунун орчушун кыскарта аласыз. Оору менен курошуудо ден соолунуз бекем болушу керек, ошондуктан туура тамактануу, физикалык автивдуулук, жаман адаттардан арылуу ,ото муздак жана ысык температуралардан алыс болуу, эмдоо алуу (грипке, ковидке каршы )сунуштарын биз бере алабыз.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation