Миллиарддан ашык адам угуусун жоготуп алуу коркунучунда

Миллиарддан ашык адам угуусун жоготуп алуу коркунучунда

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча дүйнөдө «12жаштан 35жашка чейинки курактагы миллиарддан ашык адамдар угуусун жоготуп коюу коркунучунда» деп эсептелет. Адамдагы угуунун начарлашынын же жоголуусунун көптөгөн себептери бар, алардын катарына суук тийүүлөр, сасык тумоо, туура эмес же аргасыз оор дарылануулар, туура эмес кам көрүү (чукуп тазалоодон кетирген катачылыктар) жана генетикалык, курактык өзгөчөлүктөр кирет. Бирок булардан тышкары бирден-бир себеби болуп АКУСТИКАЛЫК ТРАВМА ЭСЕПТЕЛЕТ. Мисалга алсак, көңүл ачуучу жайлардагы ашыкча, көпкө созулган ызы-чуулар жана катуу үндөр ошондой эле музыкалар тагырак айтканда концерттер, тойлор, ар түрдүү музыка коштогон иш-чаралар, көңүл ачуучу жайлар ошондой эле такай кулактан түшүрбөй угуп жүргөн кулакчындар. Адатка айланган мындай көрүнүштөр адамдын физикалык жана психикалык ден соолугуна, билимине келечегине кедергисин тийгизери анык. Урматтуу окурман, эсиңизде болсун, угууну сактап калуу – колдон келет, эгер анын кызматы бузулса кайра калыбына келтирүү абдан татаал же мүмкүн болбой калышы ыктымал. КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК? ► Эгерде сиздин жумушуңуз катуу үн чыгарган өндүрүштүк машиналарына байланыштуу болсо анда угууну сактоочу атайы кулакчындарды колдонуңуз. Мындай колдонмолор ызы-чууну жактырбаган бардык адамдарга сунушталат. ► Жабык залдагы той, концерт же музыка коштолгон ызы-чуу учурлардан кийин тынчтык сакталган жерде кулакты узак убакытка эс алдырыңыз. ► Жогоруда аталгандай ызы-чуулуу жайларда көп кармалбаңыз, сыртка чыгып кетиңиз, же биротоло ал жерде болууну жыйыштырыңыз. ► Музыка уккан кулакчын колдонсоңуз, аны узак убакытка колдонбоңуз. Адатта бир аз убакыт музыка уккандан кийин угулуп жаткан үн кулакка жай угулгансып баштайт, ошол маалда андан ары жогорулатып угуу ашыкча болуп эсептелет, мындай учурларда музыка угууну токтотуу кажет. ► Ыңгайы келгенде дарыгерлерге угууну текшертип туруңуз. ► Суук күндөрү баш кийимсиз жүрбөңүз, анткени кулакта сууктан сактоочу майлар болбойт, андыктан суук тийип, кулактын ооруларына туш болушуңуз ыктымал. ► Кулактын гигиенасын сактаңыз жана аны тазалоодо өтө этият болуңуз. ДЕН СООЛУК СИЗГЕ АМАНАТ ООРУБАҢЫЗ ЖАНА ДЕН СООЛУКТА БОЛУҢУЗ!

Points

Абдан жакшы маалымат берилиптир. Ыракмат.

Полезная информация

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information