Эгерде сиз кылгырып, ичиңиз көөп же ооруп жаткан болсо – анда ал тамактан кийинки туура эмес кыймыл-аракеттин кесепети болуп эсептелет. Анткени тоюп алгандан кийин жатып алуу же эңкейип туруу ашказандын иштешине оорчулук жаратып, адамды өтө жагымсыз абалга кептейт. Тамактангандан кийин бир жарым саат аралыгында жатып же эңкейүүгө болбойт. Анткени ашказандагы тамактын ичегиге өтүшүн шарттап турган клапандар кысылып калат, эгерде ал кысылып калган болсо кайра оңой-олтоң ачылып кетпейт. Адатта дени сак адамдарга бул жөн гана ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн, бирок ичеги-карын оорулары бар адамдарда бул көрүнүш кадимкидей көйгөйгө айланышы ыктымал. Эмнеге көңүл буруу керек? Тамак жегенден кийин буттарды кайчылаштырып же бүкүрөйүп отурууга дагы болбойт. Ошондой эле ток киши чуркабай эле койгону туура. Мындай учурда дагы жогоруда айтылган клапандарга күч келет. Ошондуктан тамакты өтө майда чайнап жеп, кийин бир аз убакыт жай басып сейилдеп келүү сунушталат. Бул сунушту адатка айландырып алуу сиздин ден соолугуңузга болгон жакшы мамилеңиз болуп эсептелет. Ден соолук сизге аманат! Оорубаңыз жана ден соолукта болуңуз.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation